Жалал-Абад: АШКнын башчысы КСДПнын тизмесине байланышкан катанын айынан кызматтан кетти

????????????????????????????????????

Жалал-Абад АШКнын башчысы Бактыгүл Нуралиева КСДП партиясынын тизмесине байланышкан жаңжалдын айынан кызматтан кетти. Жалал-Абаддын АШКсы туура эмес толтурулган документтердин айынан КСДПнын бардык талапкерлерин шайлоодон четтетип салган. Борбордук шайлоо комиссиясы АШКнын чечимин жокко чыгарып, КСДПнын талапкерлерине шайлоого катышууга уруксат берди.

Нуралиева 24.kg маалымат агенттигине кызматтан өз ыктыяры менен кеткендигин, анткени күнөөсүн моюнга алгандыгын кабарлады.

Анын айтымында, КСДПнын талапкерлеринин тизмеси эрежелер бузулганына карабастан катталган. Партия аймактык шайлоо комиссиясына (АШК) гендердик тең салмагы сакталбаган талапкерлер тизмесин берип, андан тышкары документтерди туура эмес толтурган.

«Тизме жарыялангандан кийин партия конференция өткөрүп, андан соң анын тизмесинде кырк биринчи номерден тартып катталып жүргөн аялдар тизмеден чыгып кетишти. Башкалары кирди, бирок квоталоо эрежеси сакталган жок. Мен ошол жерин байкабай калыптырмын», — деген Нуралиеванын сөзүн келтирет маалымат агенттиги.

Нуралиева жоопкерчиликтен качпай тургандыгын, ошондуктан кызматтан кетүүнү чечкенин айтты.

Мурда Жалал-Абад АШКнын кызматкерлеринин бири аймактык комиссияга облустук бийлик жана УКМКнын өкүлдөрү «кысым көрсөтүп» жатышканын айтып «Азаттык» үналгысына арызданган.

«Кысымдын» себеби катары ал шаардык кеңешке шайлоодон КСДПнын талапкерлери четтетилгенин айткан.

Кызматкердин айтымында, АШКга болгон «кысым» Борбордук шайлоо комиссиясы аймактык шайлоо комиссиясынын чечимин жокко чыгарганына карабастан көрсөтүлө берген.

Борбордук шайлоо комиссиясы КСДПнын депутаттыкка талапкерлерине шайлоого катышууга уруксат берген, анткени Жалал-Абад АШК мыйзам бузуунун далилдерин бир сутка ичинде бере алган эмес.

АШК өз чечимин калыс деп эсептеп, эреже бузуу чын эле болгонун, бирок төрайымдын катасынан улам ал дароо байкалбай калганын билдирет.

АШКга үч саясий партия — «Ата Мекен», «Өнүгүү-Прогресс» жана «Ата-Журт» арызданышкан соң гендердик тең салмактын сакталбаганына жана документтер туура эмес толтурулганына көңүл бурулган.

КСДПнын алгачкы катталышында кетирилген каталарды АШКнын төрайымы Бактыгүл Нуралиева моюнга алган соң БШК Нуралиеванын «кызмат абалына туура келээр-келбесин» карап чыгууну суранган.

Сүрөт: КСДП

ТЕМА БОЮНЧА МАТЕРИАЛДАР:

Жалал-Абаддын АШКсы КСДПнын талапкерлеринин тизмесин жокко чыгарды

Жалал-Абаддын бийлиги КСДПнын талапкерлеринин тизмесин жокко чыгарганы үчүн «АШКга кысым көрсөтүүдө»