Жалал-Абад шаардык кеңешин шайлоого КСДП жаңы курамы менен катышат

КСДП Жалал-Абад шаардык кеңешин шайлоого жаңы курамы менен катышат. КСДПнын депутаттыкка талапкерлеринин мурдагы курамын аймактык шайлоо комиссиясы (АШК) эрежелер бузулгандыгы үчүн шайлоодон четтетип салган. Борбордук шайлоо комиссиясы ката АШКнын өзүнөн кеткенин билдирип, анын айынан аймактык комиссиянын башчысы кызматтан кеткен.

Кыргызстан социал-демократиялык партиясы Жалал-Абад шаардык кеңешин шайлоого катышат. Жалал-Абад АШК анын бардык талапкерлерин шайлоодон четтеткенден кийин партия тизмесин жаңылап чыкты.

24.kg маалымат агенттинин кабары боюнча, тизме 85 кишиден 60 кишиге чейин кыскарды. Талапкерлердин жаңы тизмесинде социал-демократиялык партия гендердик тең салмакка туура келбей калган жактарын оңдоду.

Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясы 2-декабрда КСДПнын бардык талапкерлерин шайлоодон четтеткен. Буга гендердик тең салмактын сакталбаганы жана документтердин туура эмес толтурулганы себеп болгон.

Каталар БШКга «Өнүгүү-Прогресс», «Ата-Журт» жана «Ата-Мекен» партияларынан арыз түшкөндөн кийин табылган.

Борбордук шайлоо комиссиясы 3-декабрда Жалал-Абад АШКнын чечимин жокко чыгарып, жергиликтүү комиссия бир сутка ичинде далилдерди бере алган жок деп билдирген.

Мындан тышкары, БШК Жалал-Абад АШКнын төрайымынын компетенттүүлүгүн карап чыгууну сунуш кылган.

Жалал-Абад АШКнын төрайымы Бактыгүл Нуралиева КСДПнын талапкерлерин каттоодо ката кетиргенин моюнга алып, 5-декабрда кызматтан өз ыктыяры менен кызматтан кетүү жөнүндө арыз жазган.

БШК КСДПны каттоонун бузулушу жана тизмесинин жаңырышы боюнча кырдаалга комментарий берүүдөн баш тартууда.

КСДПны шайлоодон четтетүү тууралуу билдирүү чыгаары менен «Азаттык» үналгысына Жалал-Абад АШКнын кызматкерлеринин бири аймактык шайлоо комиссиясына облустук бийлик жана УКМК өкүлдөрү «кысым көрсөтүп жатышканын» билдирген.