Табып Зайналиевдин клиникасы жыл башында жабылат

Клиника жайгашкан имараттын ээси табып менен келишимин токтотту. Хашим Зайналиев өзү да бул маалыматты ырастап, клиника 1-январдан тартып иштебей тургандыгын айтты.

Дарылоонун «адаттан сырткары» ыкмалары менен белгилүү болгон табып Хашим Зайналиевдин клиникасы 1-январда жабылат.

Быйыл июлда Зайналиев өзүнө келген бейтап аялдын көкүрөк безин наркозу жок кесип салган. Аял операция столунда кайтыш болгон. Андан тышкары, табып медициналык ишмердикке уруксат берген лицензиясы жок иштеп келген. Анын тиешелүү билими да жок.

Табыптын ишин ЖМК чагылдырган соң ага ИИМ менен Саламаттык сактоо министрлиги кызыгып калган. Алар Зайналиевдин клиникасын жабууга аракет кылып, бирок анда дарылангандардын каршылыгынан улам жаба албай коюшкан. Бейтаптар ооруканадан кетүүдөн баш тартып, Зайналиевдин таламын талашып чыгышкан.

Табыптын клиникасы кантсе да жабылмак болду — клиника жайгашкан имараттын ижарасы тууралуу келишимдин мөөнөтү 1-январда аяктайт. ИИМдин басма сөз катчысы Эрнис Осмонбаевдин айтымында, имараттын ээси Зайналиев менен келишимин узартууга ниети жок.

«Клиника жайгашкан имараттын ээси Зайналиев менен түзгөн келишимди токтотту. Оорулуулар кантсе да имараттан кетишке мажбур болушат», — деди ал.

Осмонбаевдин айтымында, клиника кандай болгон күндө да иштебейт, анткени милицияга аны жабууга буйрук берилген. Ал ошондой эле табыпка карата иликтөө дале улантылып жатканын кошумчалады.

Хашим Зайналиев Kloop.kg менен маегинде клиника чын эле жабылаарын ырастады.

Мурда Бишкек ШИИБ милиция Зайналиевдин клиникасын тергөө бүткүчө жаппай тургандыгын билдирген.

«Ал мыйзамсыз дарыгерлик менен алектенип жүрөт, бирок бейтаптар өздөрү кандайдыр натыйжа чыгып, айрымдары айыгып кетип жатышканын айтып жатышат. Биз аны ал жакта дарыланып жаткан бейтаптарды эске алып тергөө бүткүчө жаппай турган болдук», — деген Kloop.kgге ШИИбнин басма сөз катчысы Олжобай Казакбаев.

ТЕМА БОЮНЧА:


Табып Зайналиев: «Бейтаптын көкүрөгүн кесип жатканымда анын туугандары жанымда болчу»