Конституцияга киргизилген түзөтүүлөр 15-январда күчүнө кирет (бирок баары эмес)

Президент Алмазбек Атамбаев Конституцияга түзөтүү киргизүү боюнча мыйзамга кол койду. Өлкөнүн башкы мыйзамын өзгөртүү боюнча референдум 2016-жылдын 11-декабрында болуп өткөн.

Конституцияга түзөтүү киргизүү боюнча мыйзам 2017-жылдын 15-январында күчүнө кирет. Ал эми премьер-министрдин ыйгарым укуктарын күчөтүү боюнча түзөтүүлөр 2017-жылдын 1-декабрынан тарта иштей баштайт.

Мыйзамдын тексти «Эркин Тоо» гезитине 30-декабрда чыгарылмакчы. Президент Кыргызстандын Конституциясынын түзөтүүлөр киргенден кийинки расмий текстин 29-январдан кечиктирбей элге жарыялайт.

Президент аппаратынын маалыматы боюнча, Баш мыйзамга түзөтүүлөр көз карандысыздыкты жана парламентаризмди бекемдөөгө, өкмөт менен парламенттин өз ара карым катнашынын такталышына алып келет. Ошондой эле, түзөтүүлөр сот реформасын жүргүзүүгө жана укук коргоо органдарын реформалоого өбөлгө түзмөкчү.

Референдум жана мыйзам бузуулар

Референдумда шайлоочулардын 42,4 пайызы добуш беришкен. Референдумдун өтүшү үчүн шайлоочулардын 30 пайызы добуш берсе жетиштүү болуп саналат.

Конституцияга түзөтүү киргизүүгө шайлоочулардын 79,6 пайызы макул, ал эми 15,4 пайызы каршы деп добуш беришкен.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мүчөлөрү дээрлик бир добуштан референдумду өттү деп табышкан. БШКнын бир гана мүчөсү Гүлнара Журабаева каршы деп добуш берип, референдум маалында мыйзам бузулган учурлар катталганына көңүл бурган.

Кыргызстан боюнча мыйзам бузуулардан улам 18 шайлоо участкасындагы жыйынтыктар жокко чыгарылган. Комиссия 14500 бюллетенди ката толтурулганы үчүн жана шайлоо процессинин бузулушунан улам жараксыз деп тапкан. Байкоочулар да референдумда көптөгөн мыйзам бузуулар катталганын айтып чыгышкан.

Конституциялык реформа

Конституцияга түзөтүү киргизүү коомчулукта курч талаш-тартыштарды жараткан.

Бул кадамга каршы болгондор түзөтүүлөрдүн мыйзам бузуу менен киргизилип жатканын айтышкан, анткени 2010-жылдагы Баш мыйзамда аны 2020-жылга чейин өзгөртүүгө болбойт деп жазылганын жүйө келтиришкен. Мындан тышкары, алардын айтымдарында, мыйзамды кабыл алуунун процедурасы жана регламенти бузулган. Ошондой эле, алардын пикири боюнча, түзөтүүлөр бийликтин аткаруу бутагына ооп, өлкөдө демократиялык баалуулуктардын азаюусуна алып барат.

Түзөтүүлөргө макул болгон тарап процедуранын бузулганын четке кагып, өз аракеттерин бийлик бутактарынын ортосундагы карым-катнашты жакшыртып, өкмөттүн туруктуулугун жана өлкөнүн көз карандысыздыгын бекемдейт деп түшүндүрүшкөн.

ТЕМА БОЮЧА: