Президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Нарымбаев мөөнөтүнөн мурда бошотулду

Бишкектин Биринчи май райондук соту президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаевди мөөнөтүнөн мурда бошотту. 2015-жылдын ноябрында ал алдамчылык үчүн үч жылга эркинен ажыратылган.

УКМК ТИЗОсунун башчысынын орун басары Болот Шабданбековдун расмий суранычынан кийин Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Эмил Кайыпов 29-декабрда Нарымбаевди мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө токтом чыгарды.

Жалпысынан дээрлик бир жарым жылча камакта отурган Нарымбаевди Шабданбеков кандай себептерден улам бошотууну суранганы азырынча белгисиз.

Материал жарыкка чыгып жаткан маалда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматынан комментарий алуу мүмкүн болгон жок.

Нарымбаевди 2015-жылдын ноябрында «Алдамчылык» беренеси боюнча мүлкүн конфискациялоо менен үч жылга эркинен ажыратууга өкүм чыккан. Башында айыптоочу тарап аны 12,5 жылга эркинен ажыратууну талап кылган эле.

Ага Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеевдин үй-бүлөсүнөн 200 миң долларлык «пара тооруган» деп айып коюшкан. Аны менен кошо опуза талап үчүн парламенттин мурдагы депутаты Хаджимурат Коркмазов да соттолгон.

Ал кезде Башкы прокуратура Нарымбаев Түлеевдин кызынан 50 миң доллар алганын билдирген.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Нарымбаев Жогорку соттун төрагасынын орун басары Канатбек Турганбековго Түлеевдин мүлкүн конфискациялабаш керектиги тууралуу тапшырма бермек.

100 миң долларлык пара алып жаткан жеринен атайын кызматтар менен Башкы прокуратура колго түшүргөн Коркмазов камалгандан бир жумадан кийин Нарымбаев кармалган.

Нарымбаев Коркмазов кармалгандын эртеси күнү кызматын тапшырган. Ал өзүнө коюлган айыптарды моюнга алуудан баш тарткан.

Авторлошу: Александра Титова

ТЕМА БОЮНЧА: