ЖМК: Стамбулдагы террордук чабуул боюнча шектүүлөрдүн арасында кыргызстандыктар бар

Түркиянын маалымат агенттиктери Стамбулдун түнкү клубундагы террордук чабуулга байланыштуу 40ка жакын киши кармалганын кабарлашты. Алардын арасында жашы жете элек кыргызстандыктар да бар.

Hurriyet басылмасы түрк полициясы 5-январга караган түнү 40тай кишини кармаганын жазып чыкты. Алар Стамбулдун «Рейна» клубундагы 39 кишинин өмүрүн алган террордук чабуул боюнча шек жаратууда.

Hurriyet кармалгандардын жарымынын жашы жете элек экенин, арасында Дагестандын жана Кыргызстандын тургундары бар экенин жазууда. Полиция алардын баарын террордук чабуулга тиешеси бар деп эсептейт.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз катчысы Рахат Сулайманов Kloop.kgге маалымат текшерилип жатканын, кыргыз атайын кызматтары түрк укук коргоо органдары менен «такай байланышта экенин» айтты.

Террордук чабуул боюнча акыркы шектүү кыргызстандык Яхъе Машрапов болчу. Анын паспортунун сүрөтү түрк жана дүйнө ЖМКларында Стамбул полициясындагы маалымат булагына таянуу менен жарык көргөн.

Бирок кийинчерээк бул маалыматты Машрапов өзү жана Кыргызстандын бийлиги жокко чыгарды.

«Рейна» түнкү клубуна кол салуу 1-январга караган түнү болгон. Белгисиз адам кире бериште турган полиция кызматкерлерин жана күзөтчүлөрдү атып салып, андан кийин имараттын ичине кирип барып, кардарларга ок атып кирген.

Террор маалында клубда жүздөгөн киши жүргөн. Жалпысынан кол салуунун айынан 39 киши каза тапкан. Киши өлтүргүч полиция келгиче кылмыш болгон жерге куралын калтырып изин жашырып кеткен.

Террордук аракеттин жоопкерчилигин «Ислам мамлекети» экстремисттик уюму өзүнө алды. ИГИЛ — бир нече өлкөдө, анын ичинде Кыргызстанда да экстремисттик деп таанылган уюм.

ТЕМА БОЮНЧА: