Жүк ташуучу автоунаа Иерусалимде аскерлердин тобун тебелетип кирип барды. Төрт киши курман болуп, автоунаанын айдоочусун аскерлер дароо атып өлтүрүштү. Израил окуяны террордук чабуул деп тааныды.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху жүк ташыгычтын рулунда палестиналык жаран отурганын билдирди. Мындан тышкары, айдоочу «Ислам мамлекети» террордук уюмунун тарапкери болгон. Израилдин бийлиги бул окуяны дароо террордук чабуул деп жарыялады.

Террордук кол салуу Иерусалимдеги Эски шаардан анча алыс эмес жерде 8-январда болду. Төрт кишинин курман болгону дароо ырасталды. Жашы 20дан 30га чейинки үч эркек, бир аял курман болду.

Окуядан 15 киши жабыркап, алардын бири оор абалда жатат.

Жүк ташуучу автоунанын айдоочусу кылмыш кылган жеринде атып өлтүрүлгөн. Күбөлөрдүн айтымында, кылмышкер автобустан чыгып келаткан аскерлерди тебелетип кирип барып, андан кийин кайра көбүрөөк элди тебелетиш үчүн артка берген.

Жүк ташуучу автоунанын айдоочусу чыгыш Иерусалимдеги Жабел Мукабер районунда жашаган. Районду Израилдин коопсуздук күчтөрү курчап алып, азыр издөө иштери жүрүп жатат.

Биньямин Нетаньяху Иерусалимдеги террордук чабуул Берлинде 2016-жылдын декабрында жаңы жылдык жармаңкеге кол салуу жана 2015-жылы Ниццада Бастилиянын алынган күнүндө эс алуучуларды тебелетүү менен байланышта болушу мүмкүн деп эсептейт.

ИГИЛ — бир нече өлкөдө, анын ичинде Кыргызстанда да экстремисттик деп таанылган уюм.

«Ислам мамлекети» Иракта жана Сирияда «халифат куруу» боюнча иш жүргүзөт. Уюм өз душмандарына жана туткундарга карата таш боордугу менен белгилүү, ал элдин көзүнчө өлүм жазасына тартып, жапырт киши өлтүрөт.

Сүрөт: AFP/Ahmad Gharabli

ТЕМА БОЮНЧА: