Аламүдүн районунун прокуратурасы мурдагы прокурор Нурлан Турсункуловду жана президенттик администрациянын мурдагы жетекчиси Каныбек Жороевди мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө чечимге каршы Жогорку сотко кайра даттанды. Алар 2010-жылдагы революцияга байланышкан иш боюнча «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча күнөөлүү катары табылган. Жыл башында аткаминерлер эркиндикке чыгарылган.

Эки аткаминер январдын башында эркиндикке чыгарылган. Аларды бошотууга алар жазасынын үчтөн эки мөөнөтүн өтөп бүткөнү негиз болгон.

Мурда прокуратура мурдагы башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиевди мөөнөтүнөн мурда бошотууга каршы да кайра даттанган.

Аскердик соттун чечими менен Элмурза Сатыбалдиев, Нурлан Турсункулов жана Каныбек Жороев 2010-жылдын 7-апрелиндеги 87 адамдын өлүмү үчүн «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен 10 жылга эркинен ажыратылган.

10 жылга эркинен ажыратылган төрт мамлекеттик кызматкердин ичинен азырынча камакта УКМКнын «Альфа» башкармалыгынын башчысы Алмазбек Жолдошалиев калууда. Жалпысынан 7-апрель революциясына байланышкан иш боюнча 28 айыпталуучу катары өткөн.

Ушул эле иш боюнча кызматтан кулатылган президент Курманбек Бакиевге жана анын бир тууганы Жанышка карата мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою эркинен ажыратуу тууралуу өкүм чыгарылган. Кийинчерээк мурдагы президенттин өкүмү 30 жылга эркинен ажыратуу менен алмаштырылган. Курманбек Бакиев Беларустан саясий башпаанек алып, азыр эл аралык издөөдө жүрөт.

2010-жылдын 7-апрелиндеги революцияда Бишкектин борборундагы кагылышуулардын натыйжасында президент Курманбек Бакиевдин режими кулатылган.

ТЕМА БОЮНЧА: