Түркиянын полициясы Стамбулдун «Рейна» түнкү клубуна кол салууга шектүү Абдулгадир Машариповду колго түшүрдү. Жаңы жылга караган түнү ал клубдун 39 кардарын атып, изин жашырып кеткен деп айыпталууда. Киши өлтүрүүнүн жоопкерчилигин «Ислам мамлекети» террордук уюму өзүнө алган.

Абдулгадир Машарипов Стамбул провинциясынын району болгон Эсеньюртта колго түштү. Ал кыргызстандык досунун үйүндө кармалды, деп билдирет түрктөрдүн NTV каналы. Машариповдун жанында анын төрт жашар баласы болгон. Шектүү менен кошо дагы төрт киши камакка алынган.

Машарипов кармалган жеринде. Сүрөт: AFP

Мурда шектүү Конья провинциясында аялы жана эки баласы менен жашап келгени айтылган. Түнкү клубдагы террордук чабуулдан кийин Коньяда жапырт тинтүү жүрүп, ал эми Зейтинбурну жана Аксарай райондорунда Коньядан келген мигранттар, ошондой эле Борбор Азиядан жана Африкадан баргандар камалган. Евроньюс телеканалынын маалыматына караганда, Машариповдун аялы да бир жарым жашар кызы менен кошо кармалган.

«Рейна» түнкү клубунун кардарларына дал Машарипов кол салган деп эсептелет. Полициянын колунда түнкү клубдагы видео болгон, анда кол салган киши бүдөмүк тартылып калган.

Машариповдун сүрөтү жана террордук чабуулга чейин өзүн видеого тартканы түркиялык жана чет өлкөлүк ЖМКлар тарабынан шектүүнүн сүрөтү катары таратылган.

Түрк полициясынын пикиринде, Абдулгадир Машарипов террордук чабуулдун аткаруучусу. Аны Абу Мухаммед Хорасан деген ат менен белгилүү ИГИЛдин өзбек отрядынын өкүлү деп да айтып жүрүшөт.

«Такталбаган шектүүлөр»

Мурда Казакстандын жаранынын сүрөтү чыгып, өзү террордук чабуулга айыпталган соң кийинки күнү кайра алып салышкан, андан соң Кыргызстандын жараны Яхъе Машраповдун сүрөтү чыгып, ал да өзүнүн кылмышка тиешеси жок экенин далилдеген. Анткени террордук чабуул учурунда ал Түркияда болгон эмес.

«Рейна» түнкү клубундагы террордук чабуул 31-декабрдан 1-январга караган түнү болгон. Кол салуунун натыйжасында 39 киши окко учуп, 60ка жакыны жарадар болгон. Курман болгондордун арасында 16 чет өлкөлүк — Орусиянын, Израилдин, Сауд Аравиясынын, Марокконун, Ливандын жана Ливиянын жарандары болгон.

Террордук чабуул Түркияда өзгөчө кырдаал режимин дагы үч айга узартууга себеп болду. Бул режим өлкөдө июлда ийгиликсиз аяктаган мамлекеттик төңкөрүш аракетинен кийин киргизилген.

ТЕМА БОЮНЧА: