Дача-Суу айылына учактын кулашынан 38 адам каза болуп, дагы 16 киши ар түрдүү жаракат алышты. Өлкөдө 17-январь аза күнү болду, бирок бул трагедия чоң-кичинесине карабай бардык кыргызстандыктарды бириктирди: бири баш калкалаар жайсыз калган үй-бүлөлөргө жылуу кийим-кече менен азыктарды чогулта баштаса, башкалары моргдун жанында чогулган жакындарынан айрылган тууган-туушкандарына ысык чай алып келишип, дагы бирөөлөрү психологиялык жардам берүүгө аракеттенип жатышты.

***

Kloop.kgнин кабарчысы Александра Титованын баянын сунуштайбыз.

Өлкө бийлиги Дача-Суу айылындагы авиакырсыкта курман болгон 38 адам менен коштошууну расмий түрдө уюштурбоону чечти. Моргдон сөөктөрдү ала электери дагы көп болууда.

Моргдун жанында тигилген ак чатыр биринчилерден болуп адам көңүлүн өзүнө бурат. Аны Кызыл жарым айдын ыктыярчылары учак кыйраган күндө эле алып келишкен. Жакындарынын сөөктөрүн тааныганы келген туугандарга суукта жылынып алганга, күтүүдөн чарчаса, аз болсо да эс алып алганга мүмкүнчүлүк түзгүлгөн.  

Ыктыярчылар менен кайдыгер боло албагандар аларга ысык чайын, шам-шум эткенге азыктарын таратышууда.

Кызыл жарым айдын ыктыярчылары
Кызыл жарым айдын ыктыярчылары

«Жакындарын жоготуп, кайгыга баткандар тамак тууралуу ойлонушпаса керек. Бирок ал да керек […] ― сөөктү таанып-билүү аздык кылат, аны алып да кетиш керек, ошону үчүн тууган-туушкандары кайраттуу, алдуу болгону аракеттенишет», — дешет ыктыярчылар, тамак-аш салынган баштыктарын калтырып жатышып.   

Боорукерлик жана ыктыярчылардын мала кызыл атайын жилеттери ал жерде өкүм сүргөн кайгы менен түнөрүңкү маанайды аз болсо да жарыктантып турат.

Жакын жерде жашаган аялдын бири 16-январдын түнүнөн бери моргдун жанында тургандарга дары-дермектерин алып келиптир. Үйүнө кайткыча жылып алсын деп ыраазы болгон ыктыярчылар пенсионер апаны одеялга ороп коюшту. Моргдун жанында шамал өзгөчө суук сезилет.

«Жакындарын жоготокондорго биздин коом психосоциалдык жардам көрсөтүүдө. Биз кырсык болгон жерде да болдук, азыр жардам берип жатабыз, биз четте туралбайбыз — абийирибиз ага жол бербейт. Бул трагедия башка жакта болду дешке жарабас, ал бизде да болушу мүмкүн», — дейт ыктыярчы Толукан Абдрахманова.

Көбү каза болгон жакындарын таң атканча эле таанып, сөөктөрүн түнү алып кетип жатышты. Бирок таанып-аныктоо иштери толугу менен 17-январь күнү да уланып жатты. Бул жерде тополоң, будуң-чаңдан эч нерсе байкалбайт, ал эмес журналисттер тынчып, имаратка кире бериште унчукпай турушту.

Бирок ак халатчан сотмедадистерди көргөн репортерлор бөлүм башчы Эрмек Максутов кирип кеткен кабинетке жөнөштү. Адис иши көп экенин айтканда журналисттердин эң тыңы да интервью сураганга батына албады.

«Бардык маалыматтар Саламаттык сактоо министрлиги аркылуу», — деп сотмедадистердин бөлмөсүнө кирип кетти ал.

Бул бөлмөгө таанып-билүүдөн кийин тийиштүү маалымкатты алгысы келгендердин узун кезеги тизилген. Териден чоң тумак кийген, бети шамалга туурулган киши кайын атасынын сөөгүн алганы келгенин айтты.  

Мыктыбек Металиев өзү коңшу айылда турат, бирок кырсык тууралуу укканда кайын атасын узатуу тажыясын өз колуна алууну чечкен.

«Каза болгондорду жана жабыр тарткандарды ар кайсы жерге, ар башка ооруканаларга бөлүштүрүп коюшуптур, ошону үчүн түнү бою издеп жүрдүм. Азыр болсо сөөктү таанып, аны бул жерден батырак алып кетсемби деп жатам», — деди ал.

Аңгычакты подвалдагы коридордон чуу чыкты. Тагырак айтканда бул эң жакынын жоготкон адамдын айкырыгы эле, ал улам катуулап келатты. Саамдан кийин эшик ачылып ӨКМнин куткаруучулары боздоп ыйлап жаткан эркекти эки жагынан колтуктап-таяп алып чыгышты. Ал өзүн-өзү жоготуп койгон экен.

Эки кызынан айрылган ата
Эки кызынан айрылган ата

Кезекте турган аялдардын бири бул киши эки кызынынын сөөгүн тапканын айтты. Анын боздогону көпкө чейин угулуп турду.

Сыртта кишини психологиялык жардам көрсөтүлчү чатырга алып кетишти. Куткаруучулар ага журналисттерди жакындатпаганга аракет кылып жатышты: кайгыдагы адам менен өтө этият болуш керек эмеспи.

Бирок куткаруучулардын жүздөрүнөн, алар мындай кайгынын көбүн көргөнү байкалып турду. Кызарган көздөрү, ачык жашыл түстөгү форманын фонунда өзгөчө бөлүнүп байкалып турган сууктан кызарган колдору — алар чынында эле куткаруучулар экенин даана айгинелеп тургансыды. Алар атаны кыздарын көргөндөгү кайгы алааматынан гана алып чыкпастан, ага өзүнө келгенге да жардам беришти, анткени кыздарынын сөөгүн алып да кетиш керек, жерге да бериш керек.

Көргөнүмөн кийин бул жерден батырак кетким келди. Дарбазанын жанында туугандары топтошуп, ӨКМ кызматкерлеринен да, журналисттерден да обочороок турушуптур.

Каза болгондордун туугандары
Каза болгондордун туугандары

Алар аза кийимчен болбосо да, туруп баскандарынан жакындарын жоготкондор экени байкалып турду. Дээрлик аллеянын аягында бактардын алдында турушуп, башкы имаратка киргенден чоочуп турушкансыйт, аялдары көздөрүнөн жаштарын аарчып, унчукпай улутунушат.    

Фотоаппаратчан адамдарды көргөн аялдардын бири дароо сүйлөшкүсү келбегенин билгизип кесе айтты:

«Кичине түшүнүп койсоңор болот да. […] Уялсаңар боло, биз өзүбүз азыр эле келип, кайгыдан кан жутуп жатсак, силер бизди өзүңөрдүн сурооңор менен кыйнап жатасыңар», — деди ал.

Журналисттер, ӨКМ, милиция кызматкерлери, дарыгерлер бир-бирин алмаштырып жатышты. Бир гана тууган-туушкандары кете алышпады, каза болгон жакындарынын сөөктөрүн күтүп жатышты. Алар менен аягына чейин ыктыярчылар гана болушту.  

Жапа тырмак

Кырсык тууралуу кабардан кийин дароо эле Бишкекте гумжардамды чогулта турган пункттар ачыла баштады.

Алгачкылардан болуп мындай пункт «Биринчи балдар хосписи» фондунда ачылды. Бул уюм эки жылдан бери рак илдетине чалдыккан балдарга жардам берип келет.

2016-жылы күзүндө Бишкектин бийлиги хосписке мурдагы тубдиспансердин эки кабат имаратын бөлүп берген эле. Имаратын оңдоп чыгышкан, бирок балдарды азырынча ал жакка көчүрүшө элек. Бул имаратта азырынча гумжардамды жана акчаны чогултуп, аларды оорулуу балдары бар үй-бүлөлөргө берип турушат.  

Учак кыйрагандан кийин 16-январда хоспистин кызматкерлери жана ыктыярчылары кырсыктан жабыркаган үй-бүлөлөргө да гумжардам чогулта башташты.

Таң эрте жардам бергиси келгендер топтоло башташты. Сыртта гана беш адам коробкаларды ташып жүрүштү, 2-3 аял кире бериште турушат. Кайдыгер боло албагандар чогулткан гумжардамды минивэнден түшүргөнү жардам берип жатышты.    

Терезеден карасам биринчи кабаттагы чоң бөлмө коробкаларга толуп калыптыр. Он чакты адам алынып келген буюмдарды сорттоп, бөлүштүрүп жүрүшөт.

«Биринчи балдар хосписинде» ыктыярчылар гумжардамды таңгктап жатышат.
«Биринчи балдар хосписинде» ыктыярчылар гумжардамды таңгактап жатышат.

17-январда түшкө чейин эле бир нече бөлмө коробкаларга жык толуп калды. Ал эми бири жылуу кийимдерин, башкасы азык-түлүктөрүн көтөрүнүп алган адамдардын аягы болсо үзүлбөйт. Бөлмөнүн биринде дубалды бойлоп азык-түлүк толтурулган коробкалар жыйналып турат, биринде баштыктар, экинчисинде май, акшак, кесме. Ал эми башка бөлмө кийим-кече толтурулган чоң сандыкка окшош, дөбө-дөбө одеялдар, сырткы жылуу кийимдер.

Ыктыярчылар тыным билбей чуркап жүрүшөт, бардыгы иш менен алек, бирөө баштыктарды ташыйт, экинчиси бөлүштүрөт, үчүнчүсү каттап турат. Кызыгы эч кандай ызы-чуусу жок, эч бир башкаруусуз эле ар бири эмне кылышты билишкендей, бир организмдей иштеп жатышты.

«Биринчи аблдар хосписинде» ыктыярчылар гумжардамды кабыл алып жатышат.
«Биринчи балдар хосписинде» ыктыярчылар гумжардамды кабыл алып жатышат.

Студент Айбегим Самсалиева жардамын алып келип, бул жактагыларга жардамдашып калып калды.  

Жабыр тарткандарга жардам иретинде жылуу кийим-кечесин алып келип жатып хоспистеги ыктыярчыларга аралашып калып калаары үч уктаса түшүнө кирбейт эле.

Кырсык тууралуу кабарды уккандан кийин жөн туралбады. Жүрөгү сыздап, колунан келген жардамды бергиси келди.

Ал эми хосписте иш кызуу, коробкаларды алып келишти, аякка бумдар менен азык-түлүктөрдү салышты. Дагы он чакты адам баштыктарын көтөрүнүп алып келишти. Аларда оюнчуктар экен.

Бурул күйөөсү экөө жылуу одеялдар менен кийим-кечелерди алып келишти:

— Балким дагы бир нерсе керектир, эң зарылы эмне? Балдар, дагы эмне керек?
— Бардыгы.
— Анда, биз азыр дагы алып келебиз.

Гумжардамды алып келгендер
Гумжардам алып келгендер

Бурул бул кырсык анын бүт үй-бүлөсүн кайгыга салганын, көп адамдарга окшоп ал дагы жабыркагандардын үй-бүлөлорүнө колунан келген жардамын бергиси келгенин айтты.

Хосписте гумжардамды кечке чейин чогултушту, бирок аны жабыркагандарга жеткире алышпады. Кыйраган учак жер менен жексен кылган айыл тургундарынын көбү башка жактарга чыгып кетишиптир. Үйлөрүнүн калдыктарынын арасында чатырларды тигип беришиптир, бирок тургундардын көбү азырынча тууган-туушкандардыкында.  

«Гумжардамды кимге жеткирээрибизди азырынча билбейбиз, ошондуктан мамлекеттик органдар жабыр тарткандардын тизмегин түзгөндө аларды таратып бермей болдук. Биринчи кезекте, сөзсүз балдар болот», — дейт хоспистин жетекчиси Динара Аляева.

Ишкерлер да гумжардам чогултууга катуу киришишти. Coffee кофейнялар тармагынын ыктыярчылары бир нече минивэнге баткандай жылуу кийим-кечелер менен азык-түлүк чогултуп, Дача-Суу айылына жиберишти. Бирок ал жакта тургундар аз болгондуктан, гумжардамды кошуна айылдарга да алып барышты, жабыркагандар ал жактагы туугандарында убактылуу жашап турушат.    

Хосписке окшоп кафеде да бөлмөлөрдө гумжардам салынган баштыктар менен коробкалар жыйналып турат. Он мүнөт аралыгында эле үч киши келди: экөө акча таштап кетишти, үчүнчүсү кийим-кече көтөрүп келиптир.

Coffee кофейнясы, бул жерде да гумжардамды чогултушкан.
Coffee кофейнясы, бул жерде да гумжардамды чогултушкан.

Кофейнянын администратору Альфия Бабашалина гумжардам чогултуу пункту көп жылдан бери иштеп келатканын айтты. Ал жана барист Максим гумжардам алып келген адамдардын ысымдары жазылган калың дептерди көрсөтүштү.

Үч жылдан бери толтурулуп жаткан дептердин акыркы беш барагы «Боинг» авиакырсыгынан кийин бат эле толуп калды. Жаңысын ачууга туура келди. Бишкекте башка бирөөнүн кайгысына кош көңүл мамиле кыла албагандар көп экенин жакшы билишет. 

Соавторлор: Метин Жумагулов, Субан Ташбалтаев
Сүрөт: Метин Жумагулов

ТЕМА БОЮНЧА: