«Боинг-747нин» кыйрашы: Түрк экипажынын үч мүчөсү мекенинде жерге берилди

«Боинг-747» кулап түшкөндө каза тапкан үч экипаж мүчөсүнүн «Жүк-200» менен жөнөтүлгөн сөөктөрү Түркияга жеткирилди. Бүгүн, 20-январда, алар жерге берилди.

Түркиянын Haberler басылмасы кабарлагандай, Бишкектин жанында курман болгон учкучтар Ибрахим Гүржан Диранжы жана Казым Ондул, ошондой эле жүк ташуучу Ихсан Кожа менен коштошуп калыш үчүн Стамбулда үч үй-бүлө чогулду.

«Боинга-747нин» учкучтары Ибрахим Гүржан Диранжы жана Казым Ондул.

Сөөк коюу жөрөлгөсү мечитте өттү. Экипаж мүчөлөрүнүн сөөктөрү түрк туусуна оролду.

Экинчи жүк ташуучу Мелих Асландын сөөгү дагы эле Бишкектин моргунда жатат. Ал издөө иштеринде акыркы болуп табылган. Азыр анын өздүгү аныкталып жатат.

Жүк ташуучу Мелих Асландын сөөгү дагы эле Бишкектин моргунда жатат, Ихсан Кожаын сөөгү Стамбулда коюлду.

«Боинг-747» учагы «Манас» аба майданынын жанына 16-январда Бишкек убактысы боюнча таңкы 7:20да кулап түшкөн. Ал жакын жайгашкан Дача-Суу дача кыштагын басып калган.

Жүк ташуучу учактын кулашынын айынан 38 киши курман болгон. Курман болгондордун көпчүлүгү — дача кыштагынын тургундары.

Бортто экипаждын төрт мүчөсү — эки учкуч жана эки жүк ташуучу болгон. Учкучтардын бирине учак кулаган жерде дарыгерлер кайра жан киргизип, бирок ал кийин Бишкектин ооруканаларынын биринде көз жумган.

Эл аралык авиациялык комиттеттин эксперттери авиакырсыктын себептерин иликтеш үчүн Кыргызстанга келишти.

ТЕМА БОЮНЧА: