Казакстан: Интернетте чөнтөк телефондору аркылуу авторизациялоо эрежеси жокко чыгарылды

Казакстанда интернет сайттарга мобилдик номерлер аркылуу авторизация киргизүү пландалып жаткан болчу. Бирок коомчулуктун пикири эске алынып, мындай идеядан баш тартылган.

Бул тууралуу Казакстандын коммуникация жана маалымат министри Даурен Абаев өзүнүн фейсбук барагында билдирди.

Даурен Абаев белгилегендей, интернет колдонуучулардын деанонимизациясы [комментарийлерди анонимдүү түрдө калтыруунун мүмкүн эместиги] «троллинг» менен күрөшүү жана жалган маалымат менен күрөшүүгө багытталган. Бирок коомчулуктун сунуштары эске алынып, мыйзам долбоорунан бул эреже алынып салынган.

Даурен Абаев. Сүрөт: Kaztrk

Буга чейин интернет колдонуучулар пикир билдирүү үчүн мобилдик телефону аркылуу авторизациядан кийин гана пикир билдирүүгө мүмкүнчүлүк берген «Маалымат жана коммуникация маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана кошумчаларды киргизүү жөнүндө» мыйзам долбооруна түзөтүү киргизүү пландаштырылган болчу.

Казакстандын инвестиция жана өнүгүү боюнча министрлигинин өкүлү Михаил Комиссаровдун айтымында, мындай ыкма «маалымат согушуна жана улут аралык чатакты козгоого» бөгөт коюуга мүмкүнчүлүк берет.

Эгерде деанонимизация боюнча эрежелер күчүнө киргенде, казак укук коргоо органдары потенциалдуу кооптуу болгон колдонуучуну телефон номери аркылуу аныктай алмак.

ТЕМА БОЮНЧА: