«Боинг-747нин» кыйрашы: Дача-СУнун жабыркаган тургундарынын бири көз жумду

Учак кулап түшкөндө денесинин 45 пайызы күйүп кеткен Дача-СУ кыштагынын тургуну реанимацияда көз жумду. Ал үй-бүлөсүндө жалгыз аман калган болчу.

Сагынбек Рахманов 4-шаардык оорукананын реанимациясында дүйнөдөн кайтты. Анын терисинин 45 пайызы күйүп кетип, ооруканага оор абалда келип түшкөн.

Дача-СУнун 29 жаштагы тургуну үй-бүлөсүндө аман калган жалгыз адам болчу. Учак кулап түшкөндө анын эки кызы жана кош бойлуу жубайы курман болгон.

Анын үй-бүлөсү Ноокен районунда жерге берилген.

Рахманов «Боинг-747нин» кыйрашынан курман болгондордун 39-болуп калды. Учак кырсыгынын натыйжасында Дача-СУ кыштагындагы 60тай адам жашаган 23 үй кыйрап калган.

Калган үйлөрдө адамдар дагы эле баш калкалап, аларга гуманитардык жардам берилүүдө.

Үйсүз калгандары болсо убактылуу Бишкек шаарындагы «Семетей» мейманканасына көчүрүлгөн.

ТЕМА БОЮНЧА: