Чек ара кызматы: Кыргыз-тажик чек арасындагы абал «туруктуу»

Кыргыз-тажик чек арасында жаштар белгисиз себептер менен бири-бирине таш ыргытышкан. Чек ара кызматы кырдаал турукташканын билдирүүдө. Окуянын себептери иликтенип жатат.

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы 22-январда Баткен облусунун Көк-Таш айылында Кыргызстан менен Тажикстандын жарандарынын ортосунда кайым айтышуу болуп, ал таш ыргытууга айланып кеткенин билдирди.

Чек ара кызматынын маалыматы боюнча, чатак ошол эле күнү жөнгө салынып, ал үчүн Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара кызматтар жолугушуу өткөрүшкөн.

«Чатак учурунда эки мамлекеттин жарандарынын бир үйү жана төрт автоунаасы зыян тартты», — деп билдирет Чек ара кызматы.

Көк-Таш айылынын башчысы Разия Өсөрова Kloop.kgге чатак учурунда токмок жегенин билдирди.

Ал коңшулаш тажик айылынан 30дай эркек Көк-Таш айыл өкмөтүнө келип, аны администрациядан күч менен чек арага алып кетип, сабап салышканын айтты.

Азыр айыл башчы Баткен ооруканасына жаткырылды.

Чек ара кызматынын жоокерлери чатак болгон Баткен-Исфана трассасын жана Көк-Таш айылынын көчөлөрүн күзөтүшүүдө. Мындан тышкары, чек арада кырдаалга көз салыш үчүн кошумча күзөттөр коюлду.

Тараптар чатактын себебин иликтөөгө киришти.

Чек аранын ушул жеринде эки өлкөнүн жарандарынын ортосунда дайыма чыр чыгып турат. Көк-Таш айылында Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы акыркы чатак 2015-жылдын жайында чыккан. Эки күн катары менен чек арадагы Көк-Таш жана Сомониён айылдарынын тургундары бири-бирине таш ыргытып турушкан. Анда 13 киши жабыркаган болчу.

ТЕМА БОЮНЧА:


Авторлоштору: Айзаада Акылбекова, Акылай Каримова