Австралиянын теннис боюнча ачык чемпионаты улам жаңы сенсациялар менен таң калтырууда. Дүйнөнүн биринчи эки ракеткасы — Энди Маррей жана Анжелика Кербер — атагы анча чыкпаган атаандаштарынан утулуп, турнирден чыгып калышты.

Материалды Kloopтун журналистика мектебинин студенти Элвира Муратова даярдады.

Эркектер арасындагы биринчи ракетка — британдык Энди Маррей, дүйнөнүн элүүнчү ракеткасы немис Михаил Зверевден утулуп калды.

Фото: Getty Images
Сүрөт: Getty Images

Зверев турнирди 7:5, 5:7, 6:2, 6:4 эсеби менен утту. Мурда немис теннисчиси «Чоң туулганын» турнирлеринин чейрек финалдарына жеткен эмес.

«Качырып ойногон оңой эле болду, токтоо болуш кыйын болду», — деди Зверев Маррей менен болгон оюн жөнүндө.

Фото: Sport Illusrated
Сүрөт: Sport Illusrated

2009-жылдан бери Энди Маррей «Чоң туулганын» турнирлеринен мынча эрте чыгып кеткен эмес.

«Зверев жеңишке эмгеги өттү, анткени матчтын татаал учурларында жакшы аракет кылды. Анын соккулары абдан жакшы чыкты, ага каршы бир нерсе кылыш кыйын. Кээде "оюнуң мыкты болду" деп айткым келип жатты», — деди Энди Маррей өз атаандашы жөнүндө. Британ теннисчиси өз утулушуна көңүлү чөгүп турганын да моюнга алды.

Энди Маррей — жеке разрядда дүйнөнүн биринчи ракеткасы. Биринчи ракетка наамын Маррей 2016-жылдын ноябрында алган, ага чейин он жылдан ашуун ар кайсы турнирлерге катышып, травма алып, өзүн келечектүү спортчу катары көрсөткөн.

Фото: AP Photo/Aaron Favila
Сүрөт: AP Photo/Aaron Favila

Михаил Зверев — насили орус, кесипкөй немис теннисчиси. Ал теннисчилердин тукуму, өспүрүмдөр арасында жакшы спортчулардын арасында болгон. 2016-жылга карата Зверев дүйнөлүк жеке рейтингде 50-орунду ээлеп турат.

Кийинки турда ал айтылуу теннисчи Рожер Федерерге каршы ойномокчу.

«Рожер менен болгон матчты менин кыялым деп айтса болот. Мен анын оюндарына шыктанып жүрүп өскөм. Ал менин сүйүктүү теннисчим», — деди Зверев алдыдагы матч жөнүндө.

Швейцар теннисчиси Рожер Федерер Михаил Зверевдин сенсациялуу жеңиши тууралуу комментарий берди. Ал Зверев менен Истомин [өзбек теннисчиси] Маррей менен Жоковичти утат деп эч качан ойлобогонун айтты.

«Новак менен Энди утулуп калды – бул кыйла күтүүсүз жыйынтык. Мен Миша Зверев менен Денис Истомин ал балдарды утуп алышат деп эч ойлогон эмесмин», — деди Федерер.

Фото: The Guardian
Сүрөт: The Guardian

Кыз-келиндер арасында биринчи ракетка — немис Анжелика Кербер төртүнчү айлампада АКШдан келген атаандашы Коко Вандевенден жеңилип калып, титулун коргой албай калды.

«Чоң туулганын» эки жолку чемпиону атаандашына бир сааттан ашыгыраак созулган оюнда 2:6, 3:6 эсебинде утулуп калды.

Фото: .REUTERS/Edgar Su
Сүрөт: REUTERS/Edgar Su

Анжелика Кербер — Германиянын намысын коргогон немис-поляк теннисчиси. Жеке рейтингде дүйнөнүн биринчи ракеткасы жана

Аялдар теннис уюмунун версиясы боюнча дүйнөнүн 2016-жылдагы эң мыкты теннисчи айымы.

«Мен бүгүн колумдан келгенин кылганга аракет кылдым, бирок көп ката кетирдим, урбай турган жерге урдум. Өз теннисимди көрсөтө алганым жок», — деп сүрөттөйт өз оюнун Кербер.

Фото: Hindustan Times
Сүрөт: AP

Дүйнөнүн биринчи ракеткасын утуп алган Коко Вандевеге теннисчилердин жеке рейтингинде 29-орунга гана жеткен.

Вандевеге өзүнүн Керберди утуп алышы — өз карьерасындагы башкы жеңиш деп эсептейт.

«Мен жогорку деңгээлде ойноп жатканымды, матчтын жүрүшүн көзөмөлдөп жатканымды, аны ыңгайсыз сокку урууга аргасыз кылып жактанымды, топко келишин кечиктирип жатканымды сезип турдум», — дейт америкалык оюнчу өткөн матч тууралуу.

Эми Коко Вандевеге жекече рейтингде жетинчи орунда турган испандык Гарбинье Мугуруса менен ойномокчу.

Istomin_Djokovic

Бул ушул турнирде эң мыкты теннисчилер сенсациялуу утулуп калган биринчи учур эмес. Мурда дүйнөнүн экинчи ракеткасы Новак Жокович өзбек теннисчиси Денис Истоминден утулуп калып, чемпионаттан чыккан.

Australian Open «Чоң туулганын» турнирлер сериясына кирет, ал теннистик мелдештердин эң жогорку деңгээли.

Австралиялык чемпионаттан тышкары, «Чоң туулганын» турнирлерине «Роллан Гаррос», «Уимблдон» жана US Open да кирет.

ТЕМА БОЮНЧА: