Тажикстандын Улутук коопсуздук мамлекеттик комитетине караштуу чек арачылардын билдирүсүнө таянсак, Тажикстан менен Кыргызстан жарандарынын ортосунда чек арада чыккан жаңжалдын себепкери Көк-Таш айылынын башчысы Разия Осорова болуп эсептелет. Алардын айтымында, Осорова чек арага жакын жайгашкан тажик айлынын жарандарын кыргыз жарандыгын алууга «мажбурлаган».

Тажикстан УКМКсынын чек ара аскеринин басма сөз кызматчысы Мухаммад Улугходжаевдин айтымында, чек арадагы жаңжал болгон жерде Осорованын чагымчылык аракеттери байкалган.

Тажикстан чек арачыларынын версиясы боюнча, футбол оюнунан кайтып келаткан тажик айылынын үч тургунуна 15 кыргызстандык кол салышкан.

«[Тажик айлынын тургундары] кыргыз айылы Көк-Таш аркылуу өтүшү керек болчу. Мына так ушул жерде аларга Кыргызстандын 15 жаш жараны кол салып, сабап коюшкан», — дейт ал.

Тажикстан тарап Көк-Таш кыргыз айлынын тургундары чыр-чатакты жөнгө салыш үчүн Исфарадан келген милиционерлерди да сабап коюшканын билдирүүдө.

Тажик УКМКсынын чек ара кызматкерлери чатактын чыгышына башкы чагымчылар деп Көк-Таш айлынын башчысы Разия Осорованы жана анын айылдашы Зайниддин Хурамовду аташууда. Хурамов чатак болгондо мас абалда болгон делет.

«Анын максаты Тажикстандын жарандарын чек арага жакын жерден Согд облусунун тереңине кетүүгө аргасыз кылуу же аларды Кыргызстандын жарандыгын кабыл алууга мажбурлоо болгон», — дейт Тажикстандын УКМКсынын чегара аскери.

Осорованын өзү болсо чыр-чатак учурунда аны тажик айлынын тургундары сабап кеткенин Kloop.kg сайтына билдирди.

Анын айтымында, 30га жакын тажик жарандары Көк-Таштын айыл башкармалыгына келип, аны күчкө салып алып чыгышып, чегарага жакка алып барышкан да сабап коюшкан.

Учурда айылдын башчысы Баткендеги ооруканага жеткирилген.

Жаңжал убагында, каршылаш тараптар бири-бирине таш ыргытышып, бир үй, эки өлкөнүн жарандарына таандык төрт автоунаа жабыркаган.

Тараптар жаңжалдын себептерин иликтей башташты.

Чегаранын бул бөлүгүндө эки өлкөнүн жарандарынын ортосунда чыр-чатактар байма-бай болуп турат. Акыркы жолу ал 2015-жылы жайында болгон. Эки күн Көк-Таш айылы менен Сомониен айлынын тургундары бири-бирин таш менен аткылашып турган. Анын жыйынтыгында 13 киши жабыркаган.

ТЕМА БОЮНЧА: