Атамбаев авиакырсыкта каза болгондордун туугандары менен жолугушту

Президент Алмазбек Атамбаев өз резиденциясында жүк ташуучу «Боинг-747» учагынын «Манас» аба майданынын жанындагы Дача-СУ айылына кулашынан каза болгондордун туугандарын кабыл алды. Иш-чарага пресса өкүлдөрү чакырылган эмес.

Бул Атамбаевдин катышуусундагы авиакырсыкка байланыштуу биринчи иш-чара болду.

Чогулгандардын алдында сүйлөп жатып, мындан он күн мурун болгон авиакырсыкты «Кыргызстандыктар үчүн орду толгус оор жоготуу болду» деди.

«Баарыбыздын жүрөгүбүз тилинип турат. Мен дагы бир жолу баарыӊыздарга көӊүл айтам. Кайрат кылгыла. Силер жалгыз эмессиӊер, артыӊарда бүт Кыргызстан эли турат. Бул каргашаны ар бир кыргызстандык жеке башына түшкөн мүшкүлдөй, өз жакынынан ажырагандай кабыл алды», — деди ал.

Каза болгондордун туугандары президентке, өкмөткө жана жалпы Кыргызстан элине ыраазылыгын билдиришти.

Нурлан Сапиков кырсыкта келинчегин жана беш жашар уулун жоготкон. Kloop.kgге берген интервьюсунда президент жабыр тарткандарга жардам берээрин убада кылганын айтты, мисалы жаңы үйлөрдү салууда.

«Ал жакта жабыр тарткандардын бардыгы отурушту. Президент кырсык болгон жерде көп кабаттуу үйлөрдүн салынышы каралып жатканын айтты, анткени алардын баары кошуна жашап, бири-бирин жакшы билишет эмеспи. Ал бул ишти өз көзөмөлүнө алаарын билдирди. Президент кыргыз бийлиги түркиялык тараптан жардам көрсөтүү тууралуу жооп күтүп жатканын айтты. Ал бизди чыдамкай болуубузга чакырды», — деди Сапиков.

Президент «кырсык болгон жерде көп кабаттуу үйлөрдү куруу» тууралуу чынында айтты беле, же жокпу, белгисиз — журналисттер иш-чарага чакырылган эмес, ошону үчүн мамлекет башчынын сөздөрүн так келтире албайбыз.

Бул жолугушууга чейин бийлик авиакырсыкка байланыштуу расмий аза күтүү иш-чараларын өткөргөн эмес, бир гана аза күтүү күнү желектер бир аз түшүрүлгөн.

Коомдук тармактарда авиакырсыктан кийин дароо элге кайрылбагандыгы, ошол эле учурда эки күндөн соң «Женерал Электрик» корпорациясынын өкүлү менен жолугушканы үчүн президентти катуу сынга алышкан.

Бийлик президентти коргоп, ал авиакырсыктын кесепеттерин жоюу боюнча бардык чараларды көрүп жатканын билдирип келген.

MyCargo Airlines авиакомпаниясына тийиштүү жүк ташуучу «Боинг-747» учагы «Манас» аба майданынын жанында 16-январда таңкы 7:20да кыйраган. Ал жакын жерде жайгашкан Дача-СУ айылына кулап, 60дан ашык адам жашаган 26 турак-жайды талкалаган.

Жүк ташуучу учактын кыйрашы 38 кишинин өмүрүн алып кеткен. Алардын басымдуу бөлүгү — айылдын тургундары. Дагы бир адам 22-январда денесиндеги чоң күйүктөрдүн айынан каза болгон.

Авторлошу: Чыңгыз Асангулов.
Сүрөт: president.kg

ТЕМА БОЮНЧА: