Гумжардамды уурдоо жана «мародерлор». «Боинг-747нин» кыйрашына байланыштуу дагы кандай кылмыштар катталган?

Дача-СУ айылындагы авиакырсыкка байланыштуу кандай кылмыштар катталды? Ким каза болгондордун тууганы болом деп алдады, а кимди журналисттер мародерлор дешти?

Учактын кыйрашынан жабыр тарткандарга гумжардамды чогултуу учурунда катталган кылмыштар боюнча ИИМ бир нече кылмыш ишин козгоду.

Жабыр тарткандарга каражат менен башка түрдөгү жардамдар кырсык болгон күнү 16-январда эле чогултула баштаган. Буюмдар менен акчаларды чогулткан атайын пункттар, банкта атайын эсептик счеттор ачылып, «Семетей» мейманканасында бекер орундар каралган.

Кыргызстандыктар акчаларын которуп, буюмдарын алып келишип, жабыр тарткандарга бардык колдоолорун көргөзүп жатышты. Бирок бул жагдайды өз кызыкчылыгында колдонгусу келгендер да чыкты.

Бишкектеги кылмыш иштер

ИИМдин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаевдин Kloop.kgге берген маалыматында, «Боинг-747нин» кыйрашына жана кырсыкта жабыр тарткандарга байланыштуу кылмыштар боюнча эки кылмыш иши козголгон.

Бир кылмыш иши уурдоо фактысы боюнча козголгон — Дача-СУ айылына кошуна «Ромашка» кооперативинин тургуну кырсык болгон жерде кыйраган учактын буюмдары менен кармалган.

Дагы бирөө компенсация алыш үчүн өзүн каза болгондордун бир тууганы катары көрсөткүсү келген. Ал өзүн башка ат менен атап, журналисттер менен «каза болгон жакындары» тууралуу сүйлөшкөнгө жетишкен.

«Адилет, Мээрим, Айсулушка, бир жашка чыкканына 10 эле күн болгон», — деп ыйламсыраган ал журналисттерге.

Укук коргоо органдары кийин анын калпын ачышкан. Ага чейин ал ыктыярчылардан кийим-кече жана эк миң сом акчалай жардам алганга жетишкен. Милиция 25 жаштагы К.Ш.ны камакка алды.

«Ал өзү эч качан кырсык болгон жерде болгон эмес, бардыгын жаңылыктардан угуп, “Семетей” мейманканасына барган. Ал жерде каза болгон туугандары тууралуу айта баштаган, бирок анын айткандары бири-бирине дал келбегендиктен ИИМ кызматкерлери шек санай башташкан», — дейт ИИМдин өкүлү.

Ш.га карата «Алдамчылык» беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Ал эки айга камакка алынды.

Иш жүзүндө болбогон мародёрлор

Кырсыктан кийин жергиликтүү ЖМКлар учак кыйраган жерде мародёрлор учактын жүгүнөн калгандарды чогулта башташкандарын жазып чыгышты. Ал турсун коомдук тармактарда мародёрлор деп божомолдонгондордун кармалышы тууралуу видео пайда болгон.

Бирок ИИМ мародёрлор тууралуу маалымат «калп» деп билдирди, анткени видеодогу адамдар коңшу айылдын тургундары жана каза болгондордун туугандары болушкан, алар куткаруучуларга кырсык болгон жердеги урандыларды тазалаганга жардам берип жатышкан. Осмонбаевдин айтымында, алар буюмдарды уурдашкан эмес, милицияга тапшырышкан.

«ЖМК жакшылап түшүнбөй туруп эле, аны дүң кылып жиберишип, милиция мародёрлорду кармагандай кылып коюшкан. Чынында, бул адамдардын мародёрлукка эч кандай тиешеси жок. Алар өзүлөрү, тескерисинче, жабыр тарткандар болушат, тагырак айтсам, каза болгондордун туугандары», — деди ал.

Оштогу кылмыш иши

Ош облустук ИИБнин басма сөз борборунун кызматкери Жанна Татарбаеванын Kloop.kgге берген маалыматы боюнча, учак кыйрагандан жабыр тарткандарга жардам иретинде чогултулган акчаны уурдоо фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.

«Кылмыш 20-январдан 21-январга караган түнү болгон. Белгисиз адамдар маданият үйүнүн чатырын талкалап киришип, гумжардам иретинде чогултулган акчаларды жана ноутбукту уурдап кетишкен», — деди ал.

Татарбаеванын сөзү боюнча, уурулар 31 миң сом уурдап кетишкен, учурда шектүүлөр изделүүдө.

УКМКдан эскертүүлөр

Кыргыз мамлекеттик медициналык академиянын аспиранты Таттыгүл Дөөталиева учактын кыйрашындагы адамдардын өлүмүн «улутту тазалоо жанан табигый тандалыш» деп атаган.

Бул сөздөрү үчүн «Фэйсбуктун» колдонуучулары аны катуу сынга алып, аймак аралык араздашууну козутуп жатасың деп күнөөлөй башташкан. Бул УКМКнын көңүлүн өзүнө буруп, Улуттук коопсуздук мамкомитети ага расмий эскертүү берген.

Ошондой эле Эмгек кодексинин 83-беренесине таянып (Иш берүүчүнүн демилгеси менен эмгек келишимин жокко чыгаруу) Дөөталиеваны ишинен бошотушкан.

ТЕМА БОЮНЧА: