Кыргызстандык Айсулуу Тыныбекова эркин күрөш боюнча Орусияда өтүп жаткан «Иван Ярыгин — 2017» гран-присинин жеңүүчүсү болду.

Финалда Тыныбекова Орусиянын өкүлүн 13:3 эсеби менен утуп алды. Кармаштын эсебинде алдыга озуп, Тыныбекова 58 килограмм салмакка чейинки категорияда айныксыз жеңишке ээ болду.

Буга чейин квалификация учурунда Тыныбекова Орусиянын өкүлү Мария Матюшенкону да утуп алган. Андан соң чейрек финалда башка орусиялык балбан кыз Екатерина Вьюнованы 10:0 эсебинде жеңип чыккан.

Турнирдин жарым финалында Тыныбекова Монголиядан келген Энкхбат Гантуя менен беттешти. Таймаштын үчүнчү мүнөтүндө эле кыргызстандык балбан кыз атаандашынын далысын жерге тийгизип, мөөнөтүнөн мурда беттешти утуп алып, финалга чыкты да, анда орусиялык Вероника Чумикованы 13:3 эсебинде утту.

Красноярскта өтүп жаткан «Иван Ярыгин — 2017» гран-приси Тыныбекова үчүн Олимпиада оюндарынан кийинки алгачкы эл аралык турнир болуп калды.

Риодо кыргызстандык балбан кыз Олимпиаданын коло медалы үчүн таймашта болбогон жерден утулуп, өктөсү ичинде калган. Индиянын өкүлү Сакши Маликке каршы таймашта Тыныбекова 5:0 эсебинде утуп бараткан болчу.

Айсулуу Тыныбекова менен Сакши Малик. Рио — 2016. Сүрөттүн булагы: Рио-де-Жанейродогу Олимпиада оюндарынын расмий сайты.

Кыргызстандык балбан таймаштын экинчи жарымынын ортосуна чейин артыкчылыгын сактап келаткан, бирок андан соң индиялык спортчу адегенде 4 упайын кайрып алып, андан соң беттешүү аяктаганга бир нече секунд калганда эсепти теңештирүүгө жетишкен. Акыркы көз ирмемдерде Малик дагы үч упай утуп алып, Тыныбекованын жеңишин көз көрүүнө алып кеткен. Беттешүү 8:5 эсебинде Маликтин пайдасына аяктаган.

Башкы сүрөт: Айсулуу Тыныбекова Риодогу Олимпиада оюндарында. Сүрөттүн булагы: Оюндардын расмий сайты


ТЕМА БОЮНЧА: