АФК кубогу: «Дордой» Түркмөнстандын «Балканы» менен тең чыкты

Азия футбол конфедерациясынын (АФК) тандоо айлампасынын биринчи матчы Бишкектин «Дордой» командасы үчүн 1:1 эсебинде тең чыгыш менен аяктады.

«Дордой» оюндун алгачкы мүнөтөрүнөн баштап артыкчылык кыла баштады, атаандаштарын тайсалдатып, дарбазасына тынымсыз чабуулдарды жасап жатты. Бирок көптөгөн бурчтан тебүүлөрдүн жана да дарбазага жакын жерден коркунчтуу штрафтык тебүүлөрдүн бири да ийгиликке калып келбеди.

«Балкан» оюнчуларынын аракеттери да голго алып келбеди. Түркмөн футболчулары бир нече кооптуу чабуул жасашты. Бирок Кашуба дарбазаны бекем кулпулап койду. Биринчи тайм 0:0 эсеби менен аяктады.

Тыныгуудан кийин «Балкан» катуурак ойной баштады. Артыкчылык аларга өтүп, «Дордойдун» дарбазасына чабуулдун артынан чабуул жасап жатышты.

Экинчи таймдын жарымына чейин борбордук клубдун дарбазачысы Кашуба абалды көзөмөлүндө кармап турду, бирок түркмөн футболчулары амал таап топ киргизе алышты. 70-мүнөттө «Балкандын» жарымкоргоочусу Маммедалиев бурчтан тебүүдөн кийин эсепти ачты — 1:0.

Гол өткөрүп алышкан «Дордойдун» оюнчулары чабуулга өтүштү. 78-мүнөттө алар эсепти тең кылганга жетишишти. Клубдун жаңы оюнчусу Алишер Азизов башы менен укмуш топ киргизди — 1:1.

Оюндун аягына чейин башка гол болбоду. Кездешүү тең чыгуу менен аяктады.

Голдор:
70’ Нуртаган Маммедалиев («Балкан»)
78’ Алишер Азизов («Дордой»)

АФК кубогу — азиялык клубдук мелдештерде абройлуулугу боюнча экинчи орунда турат. Аны кайсы бир деңгээлде «Европа Лигасы» менен салыштырса болот.

Бул турнирдин расмий бөлүгүнө «Дордой» квалификациялык тандоо оюндары аркылуу чыккан. Чечүүчү оюнда ал Макаонун «Каса Бенфика» командасын 2:1 эсебинде утуп алган.

Борбордук клуб оюнду Сүйүмбаев атындагы Ош шаарынын стадионунда өткөрдү. Эмки кездешүү 7-февралда Түркмөнстанда өтөт.

Жазында Кубок үчүн мелдешке Кыргызсатандын чемпиону, оштук «Алай» да киришет. Биринчи оюнду ал 14-мартта түркмөндөрдүн дагы бир командасы «Алтын Асырга» каршы өткөрөт.

Сүрөт: «Дордой» футболдук клубу


ТЕМА БОЮНЧА: