Елисеевге «мыйзамсыз» лицензия берилгени үчүн УКМК Салянованы суракка чакырды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет оппозициячыл «Ата-Мекен» фракциясынын депутаты Аида Салянованы суракка чакырды. Фракция башчысы Өмүрбек Текебаев анын камакка алынышы мүмкүн экенин танбай турганын билдирди. Салянова Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз калыбына келтирген деп айыпталууда.

Мурдагы башкы прокурордун адвокаты Улан Жумаков анын кардары кандай болгон күндө да суракка келээрин билдирди.

«УКМК кечээ депутат Аида Саляновага туугандары аркылуу чакыруу берип жиберди. […] Биз бардык тергөө иш-чараларына катышууга, өз мыйзамдуу кызыкчылыгыбызды мыйзам чегинде коргоого даяр экенибизди билдиребиз. Ошондуктан УКМК азыркы кырдаалды курчутушуна эч кандай негиз жок», — деди ал.

Жумаков УКМКнын аракеттерин «шашылыш» деп баалап, бүгүн парламенттин комитетинде коррупция тууралуу билдирген жарандарды коргоо тууралуу Салянова сунуш кылган мыйзам долбоору каралмак болгонун билдирди.

«Ошондой олуттуу себепке карабастан, УКМК кескин түрдө Аида Салянованы чакыртып, […] тергөөчүгө бара турган күндү Жогорку Кеңештин пленардык жыйындарынан кийинкиге калтырууга таптакыр көнбөй жатат», — деди адвокат.

«Ата-Мекен» фракциясынын башчсы Өмүрбек Текебаев Аида Салянова кармалышы мүмкүн экендигин жокко чыгарбай турганын билдирди.

Саляновага каршы кылмыш иши 2016-жылдын 26-декабрында козголгон. Ага 2010-жылы юстиция министри болуп турган кезинде кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланганы тууралуу айып коюлган.

Ал кезде Салянова Елисеевдин адвокаттык лицензиясын калыбына келтирген, азыр ал лицензиянияны жаңыртпай коюуга себеп болгон эмес деп эсептейт.

Салянова «Азаттык» үналгысына өзүнө каршы козголгон кылмыш ишинде кылмыш курамы жок экендигин, өз кызыкчылыгын мыйзам чегинде коргой тургандыгын айткан.

«Алар материалдарды өзүнө ыңгайлуу өңүттөн чогултса керек. Алар менен да таанышып чыгуу зарыл. Аларда кандай материалдар бар экендигин, кимден кандай көрсөтмө алышканын билбейм. Буга чейин мен да көрсөтмө берүүгө мажбур кылуу тууралуу сөз кылып келгем. Эми материалдар менен таанышабыз», — деген ал.

Юрист Алексей Елисеев Өнүгүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттик (ӨИИББА) боюнча Максим Бакиевдин шериги болгон.

Кыргызстанда «коммерциялык жана башка уюмдардын кызматкерлеринин ыйгарым укуктарынан ашыра пайдалануусу» үчүн Елисеевди алты жылга эркинен ажыратууга өкүм чыккан.

Юрист Бакиевдердин режими кулатылган 2010-жылдагы апрель революциясынан кийин Кыргызстандан чыгып кеткен.

Сүрөт: «Спутник»


ТЕМА БОЮНЧА: