Бийлик туристтердин азайышын «жаан жаай бергени» менен түшүндүрдү

Экономика министри Арзыбек Кожошев 2016-жылдын туристтик сезону Кыргызстан үчүн «ийгиликсиз» болгонун билдирди. Туризм департаменти эс алуучулар «жаан жаай бергендиктен» аз болуп калды деп эсептейт.

Кожошев 2016-жылдын туристтик сезону Кыргызстан үчүн «ийгиликсиз» болгонун билдирди. Анын айтымында, былтыр Кыргызстанга келген туристтер 2015-жылга салыштырмалуу 12 пайызга аз болгон.

Министр туризм боюнча начар көрсөткүчтөргө аба ырайы жана өлкөнүн географиялык абалы түрткү болгонун айтты. Ал эгерде Кыргызстандын жетекчилиги күздүн башында Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрбөсө, көрсөткүчтөр мындан да төмөн болушу мүмкүн болчу деп эсептейт.

«Көчмөндөр оюндары өлкөгө көптөгөн туристтерди тартты, бул сезондун жыйынтыгына оң таасир этти. Биз 2017-жылы Кыргызстандын экспорттук дараметин арттырууга басым жасайбыз», — деди Кожошев.

Туризм департаментинин директору Азамат Жаманкулов Kloop.kgге туристтер азайганына карабастан 2016-жыл өлкө экономикасы үчүн кирешелүү болгонун айтат.

«2016-жылды туризм жагынан ийгиликсиз деп айтууга болбойт. Ооба, туристтер азыраак болду, бирок өлкөнүн экономикасына алардын кошкон салымы көбүрөөк болду», — деди Жуманкулов.

Бирок ал начар көрсөткүчкө аба ырайы, атап айтканда «жаан жаап туруп алганы» себепкер болгонун айткан министрдин пикирине макул.

Аба ырайынын «чындыкка коошпогон» божомолдору

Жибек жолу туризм ассоциациясынын президенти Владимир Комиссаров башкача көрсөткүчтөрдү келтирет — анын эсебинде, былтыр туристтердин келиши 20-40 пайызга азайган.

Комиссаров жылдын башы «үмүттөндүргөнүн», бирок июлдун ортосунан тартып көрсөткүчтөр төмөн түшө баштаганын айтты.

«Божомол жакшы болчу, анткени көнүмүш жерлердеги пляж туризми солгундап кеткен — Түркияныкы начарлап кетти, Мисирдики дагы. Ысык-Көл өз программалары менен ошол бош калган орунду ээлей калышы керек болчу, бирок биздин [бийлик] ал үчүн эч нерсе кылган жок», — деди ал Kloop.kgге курган маегинде.

Комиссаров теңгенин баасы арзандап кеткендиктен Казакстандан келген туристтердин саны «бир топ азайганын» белгиледи.

Анын пикиринде, дайыма эле жаан жаай тургандыгы тууралуу «чындыкка коошпогон» аба ырайынын божомолу да буга кошул-ташыл болгон.

«Курорт зонасында күн бүркөк болоору жөнүндө маалымат [туристтердин азайышына себеп болду]. Бирок жаан курорттук зонада эмес, тоолордо жаап жаткан», — деди Комиссаров.


ТЕМА БОЮНЧА: