Депутаттар «Өлүм топторунун» айынан мектептерде смартфон колдонууга тыюу салууну сунуш кылышты

Кыргыз парламентинин депутаттары окуучуларга мектепке чөнтөк телефондорун алып келүүгө тыюу салууну сунуш кылышты. Алар муну өз жанын кыюунун алдын алуу жана «өлүм топторунун» маселесин чечүү зарылдыгы менен түшүндүрүштү.

Парламенттегилер мектептерде чөнтөк телефондорго тыюу салуу өспүрүмдөрдү өз жанын кыюуга түртүп жатат деп болжонуп жаткан «өлүм топторунун» маселесин чечүүгө жардам берет деп эсептешет.

Тыюу салуу жөнүндө «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын депутаты Алтынбек Жунус уулу сунуш киргизди. Анын айтымында, жакында өз жанын кыйгандардын себеби өспүрүмдөр «коомдук түйүндөрдө отурганы».

«Коомдук түйүндөрдүн зыяндуу таасири менен балдар гана эмес, бүтүндөй коом күрөшүшү керек», — деди Жунус уулу.

Аны «Кыргызстан» партиясындагы кызматташы Азизбек Турсунбаев колдоп чыкты. Ал балдардын «психикасы чабал, жаңыдан эле калыптанып келатат» деп, андыктан ата-энесин киши колдуу болот деген коркунуч аларды өзүн өлтүрүүгө түртүп жатканын айтты.

«Биздин милдетибиз — аларга коопсуз турмушту камсыз кылуу. Бирок мен биздеги коомдук түйүндөрдө "Тихий дом" ("Тынч үй"), "Синий кит" ("Көк жаян") оюндары пайда болгонун айткым келет. Өспүрүмдөрдү эгерде алар өз жанын кыйбаса ата-энесин өлтүрөөрүн айтып коркутушат экен», — деди ал.

Гештальт-терапевт Галина Фильева Kloop.kg менен болгон маекте өз жанын кыюунун себептери «өлүм топторунда» эмес, үй-бүлөлүк маселелерде экенин айтты. Анын пикиринде, өспүрүмдөрдүн баары эле белгилүү бир мезгилде өлүм жөнүндө ойлойт, бирок бул алардын баары эле өз жанын кыюуга барат деген сөз эмес.

«Бул балким аларда кыйынчылыкты жеңиш үчүн ресурс жетишпей жатканын көрсөтүшү мүмкүн. Ошол учурда аларга акыл үйрөтүп, насаат айтуу эмес, достук колдоо көрсөтүш керек», — деди ал.

«Өлүм топтору»

Өспүрүмдөр арасында өз жанын кыюу темасы интернеттин кыргыз сегментинде «Спутник» басылмасындагы макаладан кийин башталган, анын авторлору өз жанын кыюуга түрткөн оюн «Кыргызстанга жетти» деп жазышкан.

Бирок милиция Кыргызстанда интернеттеги материалдан улам кимдир бирөө өз жанын кыйган бир да учур боло элек экенин билдирген.

Ошого карабастан, ИИМ Интернетте «өспүрүмдөрдү өз жанын кыюуга азгырган оюндардын жайылышына» көз салууга убада берген, бирок ал иш кандай жасалаары белгисиз.

Биринчи жолу «өлүм топторунун» темасы Орусиянын «Новая газета» басылмасындагы макалада сүрөттөлгөн.

Макалага ылайык, бул «оюндун» маңызы боюнча мындай топтордун администраторлору мектеп окуучуларын оюнга чакырып, айрым бир хэштегдерди пайдалануу менен коомдук түйүндөрдө көк жаяндын сүрөтүн коюуну сунуш кылышат. Андан ары алар мектеп окуучуларын ар кандай тапшырмаларды аткарууга көндүрүшүп, акырында өз жанын кыюуга чейин алып барган тапшырмаларды беришет.

«Новая газетанын» материалы журналисттик коомчулук тарабынан катуу сынга кабылган. Кесиптештер макалада өз жанын кыюу менен «өлүм топторунун» ортосундагы себеп-натыйжа байланыштары далилденген жок деп эсептешкен.


ТЕМА БОЮНЧА: