Элвира Сариева президенттин аппарат жетекчисинин орун басары болуп дайындалды

Президент Алмазбек Атамбаев Элвира Сариеваны Кыргыз Республикасынын президентинин аппарат жетекчисининин орун басары кылып дайындоо жөнүндө жарлыкка кол койду. Мурда бул кызматты Мира Карыбаева аркалап келген.

Атамбаевдин 2-февралдагы жарлыгы менен мурдагы билим берүү министри Элвира Сариева президенттин аппарат жетекчисинин орун басары болуп дайындалды.

Сариева бул кызматты 2016-жылдын 7-сентябрынан бери аркалап келген Мира Карыбаеванын ордуна келди. Карыбаева, өз кезегинде, мамлекет башчысынын кеңешчиси болуп дайындалды.

2016-жылдын декабрынан бери Сариева президенттин аппаратынын социалдык саясат бөлүмүн жетектеп келген.

Ага чейин эки жылча билим берүү жана илим министринин кызматын ээлеп турган. 2016-жылдын 27-октябрында «үй-бүлөлүк жагдайларга байланыштуу» кызматын тапшырып, бир айдан кийин Сариева президенттин аппаратына ишке чакырылган.

Сариеванын «Твиттердеги» барагына жазылуу

2014-жылга чейин Сариева бир аз убакытка Кыргызстандын вице-премьер-министринин кызматында болгон. Ал өлкөнүн мамлекеттик кызматкерлеринин ичинен биринчилерден болуп коомдук түйүндөрдө өз алдынча жигердүү аккаунт киргизгени менен белгилүү болгон.

Өз карьерасын Сариева «Internews Network» уюмунун өкүлчүлүгүндө 1998-жылдан 2002-жылга чейин редактор жана директордун орун басары катары катары иштеп баштаган. 2002-жылдан 2007-жылга чейин ал «Интерньюс» КБнын аткаруучу директору болгон.

Сариева ар кайсы учурларда шаардык кеңештин депутаты, Бишкекти өнүктүрүү стратегиясы боюнча комиссиянын төрайымы, «ЦЕХ» лофтунун башкаруучусу жана Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри болуп иштеген.

2012-2014-жылдары «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык фондунда иштеген жана Кыргызстандын «Мекендештер» форумунун уюштуруу комитетинин жетекчиси болгон. Мындан тышкары, ал Бишкек шаардык кеңешинин депутаты жана башкалааны өнүктүрүүнүн стратегиясы боюнча комиссиянын төрайымы болгон.


ТЕМА БОЮНЧА:

Элвира Сариева билим берүү министри кызматынан өз эрки менен кетти