Орусия: ФККнын кызматкерлери АКШнын пайдасына мамлекеттик чыккынчылык кылган деп айыпталды

ФККнын (ФСБ) кармалган эки кызматкерине жана «Касперский лабораториясынын» топ-менеджерине АКШнын пайдасына мамлекеттик чыккынчылык кылган деген айып коюлду. Мурда Орусиянын ЖМКлары атайын кызматтын өкүлдөрүнүн камалышын байланыштырып келген «Шалтай-Болтай» хакердик тобу кылмыш ишинде жок болуп чыкты.

«Команда 29» укук коргоо бирикмесинин жетекчиси Иван Павлов АКШнын пайдасына мамлекеттик чыккынчылык кылуу боюнча айып үч кишиге коюлганын «Интерфакс» маалымат агенттигине билдирди.

«Михайловго, Докучаевге жана Стояновго АКШнын пайдасына мамлекеттик чыккынчылык кылуу боюнча айып коюлду», — деди ал.

Павлов айыпталуучулардын биринин адвокаты экенин билдирди. Анын айтымында, иштин материалдарында «Шалтай-Болтай» хакердик тобунун болжолдуу негиздөөчүсү Владимир Аникеев тууралуу маалымат жок.

Мамлекеттик чыккынчылыкка жана хакердик сындырууга байланыштуу иш боюнча төрт киши — Орусия ФККсынын Маалымат коопсуздук борборунун (МКБ) бөлүм башчысы Сергей Михайлов, анын кол алдындагы кызматкери Дмитрий Докучаев, «Касперский лабораториясынын» топ-менеджери Руслан Стоянов жана журналист Владимир Аникеев камакка алынганы декабрдын аягында Орусиянын ЖМКларында кабарланган.

Солдон оңго: ФККнын Маалымат коопсуздук бөлүмүнүн башчысынын орун басары Сергей Михайлов, майор Дмитрий Докучаев, «Касперский лабораториясынын» топ-менеджери Руслан Стоянов жана журналист Владимир Аникеев.

«Интерфакстын» маалымат булагынын айтымында, бул кишилердин баары «Шалтай-Болтай» хакердик тобу тууралуу иш боюнча өтүшкөн. Ал 2013-жылы жогорку даражалуу адамдардын каттарын сууруп чыгып, желеге жарыялаганы менен белгилүү.

«Бул ишке аралашкандардын ар бири өз иши менен алек болгон — бирөө киберчабуулдардын схемаларын иштеп чыгып, колдонгон, башкасы чет өлкөлүк атайын кызматтар менен иштешкен. Бул багыттар жанаша жүргөн жана эреже катары өз ара чаташкан эмес», — деди ал басылмага.

АКШнын Борбордук чалгындоо башкармалыгы (БЧБ) Орусиянын ФККсынын мамлекеттик чыккынчылык боюнча айыпталып жаткан кызматкерлери БЧБга жашыруун маалыматты беришкен деп айыпталып жатышканы тууралуу кабарга эч кандай комментарий беришкен жок.


ТЕМА БОЮНЧА: