«Мамлекетке зыян келтиргендиги үчүн». Лукашенко Россельхознадзордун жетекчисине иш козгоону тапшырды

Беларустун президенти Александр Лукашенко орусиялык айыл-чарба көзөмөлүнүн (россельхознадзор) жетекчиси Сергей Данквертке каршы иш козгоо боюнча тапшырма берди. Расмий себеби — «мамлекетке зыян келтиргендиги үчүн». Жогоруда аталган орусиялык мекеме Беларустан этти киргизүүгө тыюу салган, алардын божомолунда, беларустуку деп өлкөгө украин эти киргизилип жатат.

Беларустун президенти Россельхознадзордун жетекчисин Беларустан эттин келбешине кызыкдар деп күнөөлөдү.

«Менин айтаарым: биринчиден — бул Данкверттерлер — кызыкдар тараптар, ар биринин чоң латифундиясы бар (жеке менчиктеги ири жерлер), алар өзүлөрү кайсы бир продуктуну өндүрүшөт, же бирөөнө колдоо көрсөтүшөт, же бир жерде дагы иштешет, же өзүлөрүнүн жеке менчиктери бар. Алар, сөзсүз, сапаты жана баасы боюнча беларус өндүрүмү менен атаандаша алышпайт. Эми түшүнүп жатасыңарбы, эмне үчүн бул чектөөлөр киргизилип жатканын. Мен дагы айттым президентке — тартипке салчы», — деди Александр Лукашенко журналисттер менен болгон жолугушууда.

Беларус президентинин ушундай нааразылыгын Россельхознадзордун эки беларустук ишканадан этти киргизүүгө тыюу салган чечими жараткан.

Орусиялык мекеменин божомолунда беларустун эти катары өлкөгө украин эти киргизилип жаткан. Беларустар мурда да өзүлөрүнүкү катары Украинанын жана тыюу салынган Европанын өндүрүмдөрүн Орусияга киргизип жатат деген күмөн бар болчу.

Беларустан Орусияга башка этти жиберүүдө лаборатордук көзөмөл күчөтүлдү — Россельхознадзордун билдирүүсүндө этте сальмонелла бактериясы табылган.

«Россельхознадзор жана анын жетекчиси учурда кабыл алынган мыйзамдардын негизинде, орусиялык гана эмес, эл аралык да мыйзамдардын алкагында иш алып барууда», — деди орусиялык мекеменин расмий өкүлү Юлия Мелано.

Сергей Данкверт ага карата иш козголгондугу тууралуу расмий билдирүү алалек.

Орусия Беларус менен чек ара аймагын 1-февралда киргизди. Бул тууралуу буйрукту ФСБнын жетекчиси Александр Бортников берген. Мурда чек ара аныкталган эмес болчу. Александр Лукашенконун айтымында Бортников эк өлкөнүн ортосундагы келишимди бузду.

Эки өлкөнүн ортосундагы чек аранын ачык болушу орусиялыктарга Европага батыраак жеткенге мүмкүнчүлүк түзчү. Мисалы ушул жол менен Орусиядан сүрөтчү Петр Павленский чыгып кеткен, ага Москвадан чыгып кетүүгө тыюу салынган болчу.

Орусия менен Беларустун ортосундагы мамилелердин татаалдашы, Александр Лукашенконун пикиринде, өлкөнүн Батыш мамлекеттери менен жакындашуусунан чоочулагандыктан чыккан.

2017-жылдын январында Беларус 80 өлкөнүн, анын ичинде Евробиримдикке кирген өлкөлөр да бар, жарандары үчүн 5 күндүк визасыз режимди киргизген болчу.


ТЕМА БОЮНЧА: