Жолдордун начардыгы жана убакыттын тардыгы – Кыргызстандагы жаш ойлоп табуучуларды дагы эмнелер шыктандырат?

Кыргызстандын өнөрлүү мектеп окуучулары илимий иштелмелерин элге алып чыгышты. Алар ойлоп тапкан нерселер келечекте айыл чарбасында, жол курулушунда, медицинада, билим берүүдө жана башка тармактарда колдонулушу мүмкүн.

Материалдын түп нускасы «Настоящее время» сайтына чыккан.

Өз иштелмесин 11-класстын окууучусу Филипп Шевченко Кыргызстандын начар жолдорун ойлоп жүрүп чыгарган: «Бул шайман жолдун рельефинин картасын түзүүгө арналган. Ал маалыматтардын негизинде кайсы бир жерди түздөш үчүн асфальттын зарыл өлчөмүн билсе болот».

Анын «Direct slide» («Түз сыйгалануу») деген дөңгөлөкчөн шайманы рельефтин эң майда ой-чуңкурун да табууга жөндөмдүү. Филипп Шевченко алынган маалыматтар компьютердин экранына чыгаарын көрсөттү:

«Азыр биз машинанын кыймылын туурайбыз. Машина кандайдыр тегиз эмес жерди көрсө, баарын картада белгилейт».

10-класстын окуучусу Бегайым Сатарова багбандар үчүн «акылдуу теплица» ойлоп тапты – ал аны ар кандай түзмөктөр, температура жана нымдуулук билдиргичтер менен толтуруп салган. Бирок негизги көзүрү – суу помпасы.

Ал өсүмдүктү сугарыш керек деген сигнал алганда аны өзү эле сугарып коёт. Жөөктө укроп тамыр жая баштады, деп мактанды Бегайым:

«Мындай теплица убактысы аз кишилер үчүн чыгарылган, мисалы, алар командировкага көп кетишсе, чет өлкөгө көп чыгышса же жөн гана өсүмдүктөргө кам көрүүгө убактысы болбосо теплица сиз үчүн баарын өзү жасап коёт».

Онунчу класстын окуучусу Валя Жердева көзү начар көргөндөрдүн турмушун жеңилдетмек болду. Ал сокурлар үчүн таяк чыгарып, аны «Жарганат» деп атап койду. Үч ультрадобуш билдиргич тигил же бул бөгөт жөнүндө сигнал берет:

«Адам кетип баратат дейли. Анын алдынан бөгөт чыгат. Ошондо таяк дароо чыйпылдай баштайт. Демек аны алып койсо ал чыйпылдабай калат».

10-класстагы жаш ойлоп табуучу Даша Кожевникова спортчуларга жана дарыгерлерге пайдасы тийе турган чөнтөк тамырчы ойлоп тапты. Шайман иштеп жатат, бирок аны дагы ийине жеткириш керек, дейт Даша.

«Бүгүнкү күндө робот техникасы абдан актуалдуу. Балдардын идеяларын дайыма көрсөткүң келет, – дейт информатика мугалими Елена Клепачева. – Максаттар жана милдеттер – алардын долбоору актуалдуу болушу үчүн алар кандайдыр пайда алып келиши керек. Информатика мектепте иштин натыйжасы даяр өнүм болгон бирден бир сабак болсо керек».

Бишкектин физика-математика мектеп-лицейинин окуучулары өлкөдө эң мыктылардын катарында деп эсептелет. Алардын ойлоп тапкан иштелмелери далай жолу эл аралык сынактарда байге алган. Бул балдардын көбү жакын арада бүт дүйнөгө аты чыкса керек.


ТЕМА БОЮНЧА: