Бишкектин коомдук транспортторунда Wi-Fi роутерлер, мониторлор жана GPS-навигаторлор орнотулду. Февраль ичи аппаратура текшерилип, автобус жана троллейбустарда бекер интернет март айынан тарта иштей баштайт.
Акысыз Wi-Fi менен мониторлор бардык троллейбустарда орнотулду: алардын Бишкекте жалпы саны 105ти түзөт.
Андан тышкары дагы 96 автобуста Wi-Fi роутерлер менен GPS-навигаторлор орнотулду.
Бул коомдук транспорттордо бекер интернет алгачкы жолу коюлуп жаткан учур эмес.
2016-жылдын декабрында Ош шаарына бекер Wi-Fi жана электрондук билет эсептөөчү автобустар алынып келген. Жаңы автобустар кичи автобустарынын ордуна киргизилип, шаардагы кыймылды жеңилдеткен.
Ал эми 2016-жылдын апрель айында Tez компаниясы Бишкектин үч троллейбусуна Wi-Fi орноткон.
Бишкек мэри Албек Ибраимов 2016-жылдын декабрь айында өткөргөн өзүнүн басма сөз жыйынында борбор калаадагы автобус менен троллейбустардын санын көбөйтүүгө убада берген.
ТЕМА БОЮНЧА:
- Жолдор, транспорт жана бактар. Басма сөз жыйынында мэр дагы эмнелерди сүйлөдү?
- Видео: Бишкектеги троллейбус депосу кандай иштейт?
- Ошто бекер Wi-Fi менен автобустар жүрөт