Башкы прокуратура: Монтаждалган видеодо «Атамбаевди жаман көрсөтүү» бар

Башкы прокуратура Алмазбек Атамбаевдин 2013-жылы сүйлөгөн сөзү тартылган YouTubeдагы видеону изилдеп чыкты. Монтаждалган роликте «бурмалоо» жана президентти «жаман көрсөтүү» бар экени аныкталган.

Видероликтерди Юстиция министрлигинин алдындагы Соттук экспертизалар борбору жана Илимдер академиясынын Философия жана саясий-укуктук изилдөөлөр институту талдап чыгышкан. Адистердин тыянагы боюнча, YouTubeдагы монтаждалган видео мамлекет башчысын «жаман көрсөтөт».

Видеодо Атамбаевдин 2013-жылы Жогорку-Нарын ГЭС каскадын ачууда сүйлөгөн сөзү келтирилген.

Видеонун түп нускасы:

Ron Stoparic каймана атындагы колдонуучу 2013-жылдын 5-августунда жарыялаган видеодо Атамбаев бул сөздөрдү айтып жаткандай болот: «Нарындыктар малчысыңар, мына койсуңар».

Монтаждалган видео:

Башкы прокуратуранын билдирүүсүндө, түп нускада президент: «Мына нарындыктар малчысыңар. Мына кой сарай жыйырма жыл тазалабаса, анан кыгын бир күндө тазаласа болобу?» — дейт.

Башкы прокуратура билдиргендей, айрым ЖМКлар видеодогу «малчысыңар» деген сөздү «малсыңар» деген сөз кылып да монтаждап алышкан.

Адистердин айтымында, контексттен үзүп алынган сөздөр жана бурмаланган фразалар президент тууралуу «терс пикирди» жаратышы мүмкүн.

«Андан сырткары, монтаждалган видеодо жана ага таянып жазылган макалаларда колдонулган айрым сөздөр аймак аралык араздашууну козутуу аракеттерин камтыйт», — деген тыянагын чыгарат башкы прокуратура.

Прокуратура ишке байланыштуу бардык материалдарды Улуттук коопсуздук боюнча мамкомитетке жиберди, акыркы мекеме болсо ролик боюнча «процессуалдык чечим чыгарышы керек болот».

Видеону текшерүүгө Темирлан Ормуковдун Атамбаевди сындап жазган ыры себепчи болгон, ал ырында аталган видеодогу президенттин сөздөрүнө таянган.

УКМК Атамбаевди сындагандарды текшерүүдө

Коомдук тармактарда Атамбаевди сындагандарды Башкы прокуратура жана атайын кызматтар буга чейин да текшерип, суракка алып келишкен.

Январдын башында президенттик КСДП партиясынын депутаты Ирина Карамушкинанын суроосу боюнча УКМКнын төрагасынын орун басары Болот Сүйүмбаев фэйсбукта президентти сындагандардын тизмегин келтирген.

Колдонуучулардын өзүлөрүнүн пикири боюнча, алардын сөз эркиндиги чектелүүдө, ал эми айрымдары болсо Атамбаевди сындабагандарын айтып, тизмекте алардын ысымдары аталганына таңгалышканын билдиишкен.   

Буга чейин, 2016-жылдын декабрында, Атамбаевдин дарегине сатирасы үчүн Ысык-Көл облусунун тургунун УКМК суракка алган.