«Республика — Ата-Журт» спикерге койгон дооматынан баш тартты

«Республика — Ата-Журт» фракциясы «жакшы согуштан жаман тынчтык артык» деп парламенттин спикери Чыныбай Турсунбековдун кызматтан кетишин талап кылуудан баш тартты. Мурда бул фракция аны регламентти бузду деп күнөөлөп келген.

«Республика — Ата-Журттун» жетекчиси Өмүрбек Бабанов анын фракциясы Турсунбековду кызматтан кетирүү маселесин койбой тургандыгын 6-февралда билдирди.

«Согушка караганда жаман да болсо тынчтык артык. Быйылкы жыл — тарыхый жыл, быйыл президенттик шайлоо болот. Жогорку Кеңеш туруктуу болушу керек, анын үстүнө эки фракция өкмөткө ишеним көрсөтпөө вотуму жөнүндө билдиришти», — деди ал.

Мурда Бабанов Турсунбековдун уруксаты менен конституциялык мыйзамдуулук боюнча комитеттеги социал-демократтардын саны эки кишиге арбыганына нааразы болгон.

Эми комитетте КСДПнын жети депутаты бар. Жалпысынан комитетке 17 депутат кирет.

Бабанов комитетте ар бир фракциядан төрттөн ашык депутат болбошу керек экенин айткан. Ал спикер депутаттардын сөздөрүнө дайыма комментарий бере бергенине да ачуусу келген болчу.

Турсунбековдун өзү 2016-жылдын апрелине чейин жетекчи болгон социал-демократтарга кылган мамилеси «Республика — Ата-Журттун» башчысына жакпай калган. Ал спикер аларга «өзгөчө» мамиле кылат деп эсептейт.

«Баарына сөз берилиши керек. Спикер бардык депутаттарга бирдей мамиле кылышы керек. Бирок азыр ал адилетсиз, анын КСДП фракциясына өзгөчө мамилеси бар», — деген Бабанов.


ТЕМА БОЮНЧА: