Румыния: Эмне үчүн миңдеген жарандар өкмөттүн кызматтан кетишин талап кылып жатышат?

Бүт Румыния боюнча 500 миңдей киши митингге чогулду — жарандар коррупция үчүн соттолгондордун эркиндикке чыгышына жол ача турган түзөтүүлөргө каршы. Өкмөт андай өзгөртүүлөрдөн баш тартканына карабастан, эл нааразылык акциясын улантып жатат.

Акыркы 25 жыл ичиндеги эң масштабдуу нааразылык акциясына бүткүл Румыния боюнча 300 миңден 700 миңге чейинки киши чогулду. Жарандар Кылмыш жана Кылмыш-процессуалдык кодекстерин өзгөртүү боюнча токтомго каршы чыгышууда. Ал түзөтүүлөр боюнча эгерде зыяндын өлчөмү 47,5 миң доллардан аз болсо, коррупция үчүн соттолгондорду бошотууга жол берилет.

Румыниянын шаарларындагы митингдер эки жумадан бери өтүп жатат — эң масштабуу акция Бухарестте өтүп, ага 250 миң киши катышты.

Натыйжада өкмөт демонстранттардын талабына макул болуп, түзөтүүлөрдү жокко чыгарды, бирок жарандар нааразылык аракеттерин улантууда. Акциялардын катышуучулары бийликке ишенбейт жана өкмөт токтомду бир аз редакциялап туруп парламентке жөнөтүп жибериши мүмкүн деп чочулашат.

Сүрөт: Al Jazeera

Түзөтүүлөр тууралуу премьер-министр Сорин Гриндяну демилге көтөргөн. Ал өз сунушун Румыниянын түрмөлөрү «толуп кеткени» менен түшүндүргөн. Эгерде өкмөт түзөтүүлөрдү жокко чыгарбаса, алар 10-февралдан тартып күчүнө кирмек.

Аткаминерлерди бошотуудан тышкары, Гриндяну 5 жылдан азыраак мөөнөткө соттолгондорго, боюнда бар жана жашы жете элек балдары бар аялдарга мунапыс берүүнү сунуш кылган.

Эгерде түзөтүүлөр күчүнө кирсе, 24 миң евро зыян келтирген коррупция боюнча шарттуу мөөнөткө кесилген саясатчы Ливиу Драгня жана арам акчаны адалдаштырганы үчүн 10 жылга кесилген медиамагнат Дан Войкулеску мунапыс алышмак.

Сүрөт: AP

Кылмыш кодексине киргизилмек болгон өзгөртүүлөр өлкөнүн өзүндө эле эмес, Евробиримдик менен АКШда да сынга кабылды. «Коррупция менен күрөш солгундабастан, күчөшү керек», — деп билдирди Европа комиссиясы.

Германия, Франция жана АКШ Румыниянын бийлигин сөз болуп жаткан жарлыкты кабыл алуу ЕБ жана НАТО менен Румыниянын мамилесине коркунуч келтирээри тууралуу эскертишти.

Сүрөт: AP

Эки жумалык нааразылык

Британиянын «The Guardian» гезити алгачкы митингдер 22-январдан 23үнө караган түнү башталганын жазып чыкты. Ал күндөрү нааразылык акциясына түмөндөгөн адамдар чыккан.

Митингге чыккандарды Лондондо, Брюсселде, Парижде, Копенгагенде жана дүйнөнүн башка шаарларында жашаган румын жарандары да колдошту.

Январдын 29унан 30уна караган түнү митингге чыккандар 100 миңден ашты. Башкалаада өкмөттүн чечимине каршы 50 миң киши көчөгө чыкты.

Каршылык билдиргендер Бухарестте Өкмөт Үйүнүн жанындагы Виктория аянтына чогулуп, «Уурулар!» деп кыйкырып, Гриндянунун кызматтан кетишин талап кылышты. Шаардыктар өкмөттүн имаратына кар тоголоктоп, муз сындырып алып ыргытып жатышты.

Румыниянын президенти Клаус Йоханнис нааразылык акциясында. Сүрөт: Reuters

Румыниянын президенти Клаус Йоханнис «Фэйсбуктагы» өз баракчасында 31-январды «кара жума» жана «мыйзам үстөмдүгүнө аза күтүү күнү» деп атады.

Йоханнис өзү да нааразылык акцияларына кошулду. Өкмөттү ал мамлекетти алсыраткысы келген «саясатчылар бандасы» деп атады.

Февралдын 1инен 2сине караган түнү жалпы өлкө боюнча нааразылык акциясына чыккандардын саны 200 миң адамга жетти, алардын ичинен 80 миң киши Бухарестте чогулду. Өкмөт Үйүнүн алдында тартипти камсыз кылыш үчүн полиция бөлүктөрү коюлду.

Жекшемби күнү, 5-февралда Румыниянын өкмөтү токтомду жокко чыгарууга мажбур болду. Гриндяну «элди бөлгүсү келбегенин» билдирип, түзөтүүлөр жокко чыгарылганын жарыялады.

Румыния — Евробиримдиктин эң жарды өлкөлөрүнүн бири, анын себептеринин бири катары коррупциянын күчөп кеткени айтылып жүрөт. Ошого карабастан 2016-жыл бул өлкөдө Евробиримдиктеги эң ири экономикалык өсүш катталган.

Авторлошу: Чынгыз Асангулов


ТЕМА БОЮНЧА: