Жалал-Абад жана Баткен аба майдандарынын жанында 20 имарат мыйзамсыз салынган

Транспорттук прокуратура Баткендеги жана Жалал-Абаддагы аба майдандарынын жанында 20 имарат мыйзамсыз курулганын аныктады. Бул имараттар башка жакка көчүрүлөт же бузулат.

Прокуратуранын билдириши боюнча, жергиликтүү бийликтегилер Баткен жана Жалал-Абад аба майдандарынын учуп-конуучу тилкелерине жакын аймактарда имараттарды курууга жерлерди «мыйзамсыз» бөлүп беришкен. Бул жерлерде 20 имарат курулууда.

Учактардын учуп-конуу коопсуздугун камсыздаш үчүн Мамлекеттик экотехинспекция мыйзамсыз курулган имараттарды же көчүрүшү, же бузушу керек болот.

Прокуратуранын маалыматы боюнча, Жалал-Абад жана Баткен аба майдандары 1970-жылдардан бери иштеп келгени менен алар бул шаарлардын генпландарына киргизилген эмес.

Шаардын жетекчилери аба майдандарды генпланга киргизип, алардын планга ылайык кеңейтилишин жана учуп-конуу тилкесинин узартылышын эске алышы керек.

«Боинг-747» жүк ташуучу учагы 2017-жылы 16-январда «Манас» аба майданын жанындагы Дача-СУ айылына кулагандан кийин, Кыргызстандагы шаарлардын аба майдандарында текшерүүлөр башталган. Учак кыйраганда 39 адам каза болгон — алардын төртөөсү экипаждын мүчөлөрү.

Өкмөт талкаланган үйлөрдүн ордуна башка эч нерсе курулбай тургандыгын билдирди.

Авторлошу: Бексултан Амантур уулу
Башкы сүрөт: Баткен аба майданы


ТЕМА БОЮНЧА: