АФК кубогу: «Дордой» «Балканды» жеңип, турнирдин эмки баскычына чыкты

Бишкектин «Дордой» командасы өздөрү конок болгон оюнда түркмөндөрдүн «Балканын» 2:1 эсебинде жеңип, АФК кубогунун экинчи тандоо раундуна чыкты.

Кыргыздардын «Дордою» менен түркмөндөрдүн «Балкан» командасынын ортосундагы матч 2:1 эсебинде бишкектик клубдун жеңиши менен аяктады. Ушуну менен эки оюндун жалпы жыйынтыгы боюнча (3:2), «Дордой» АФК кубогунун экинчи тандоо баскычына жолдомо алды.

Оюндун 8-мүнөтүндө эсепти «Дордойдун» чабуулчусу Алишер Азизов керемет голу менен ачты.

Ошто 31-январда өткөн командалардын биринчи жолугушуусунда да Азизов топ киргизе алган болчу. Эми экинчи жолу ал «Матчтын оюнчусу» деп таанылып жатат.

Кубоктун эмки этабына өтүүгө мүмкүнчүлүктү сактап калыш үчүн «Балканга» топ киргизиш керек эле, алар дароо чабуулга өтүштү. Бирок «Дордойдун» коргоочулары мыкты ойноп, атаандаштырына топ киргизүүгүө мүмкүнчүлүк беришпеди.

Оюндун экинчи жарымында түркмөнстандык клуб эсепти теңөө аракеттерин калтырган жок, бирок «Дордой» жакшы коргонуп жатты, ал эми 53-мүнөттө кайра топ киргизе алды. Анын автору «Дордойдун» жарымкоргоочусу Авазбек Откеев болду.

Бирок оюнудун эң аягында, 90-мүнөттө, «Дордой» балканабаддык клубдун жарымкоргоочусу Акмаммет Метдаевден топ өткөрүп ийди.

«Балкан» 1 — 2 «Дордой»

Голдор:
8’ Алишер Азизов («Дордой»)
53’ Авазбек Откеев («Дордой»)
90’ Акмаммет Метдаев («Балкан»)

«Дордой» менен «Балкандын» ортосундагы биринчи оюн 1:1 эсебиндеги тең чыгуу менен аяктаган. Экинчи жолугушуунун алдында артыкчылык оюн ээлери түркмөн клубунда болчу. Анткени алар конокто ойноп топ киргизе алышкан. Аларга 1:0 эсеби менен жеңишке жетүү, же 0:0 эсеби менен тең чыгуу жетиштүү болмок.

Бирок биринчи оюндан кийин «Дордой» оюндагы мүмкүнчүлүктөрдү колдонуунун үстүндө катуу иш жүргүзүп, абройлуулугу боюнча экинчи орунда турган азиялык клубдук мелдештин экинчи раундуна жолдомону алганга жетише алды.

Эмки этапта «Дордой» «Шахин Асмаи» (Афганистан) — «Хосилот» (Тажикистан) командаларынын ортосундагы таймаштын жеңүүчүсү менен жолугат.

Экинчи тандоо раундунун биринчи оюну Кыргызстанда 21-февралда, ал эми экинчи оюну 28-февралда конокто өтөт.

Эки оюндун жыйынтыгы боюнча жеңген команда АФК кубогунун топтор этабына жолдомо алат.

Сүрө: ФК Дордой


ТЕМА БОЮНЧА: