«Келин» көрсөтүүсү: теледолбоорду жактагандар жана сындагандар эмне дейт?

КТРКдан көрсөтүлө баштаган «Келин» берүүсү тууралуу ар түрдүү пикирлер айтылууда. Интернет-активисттер бири долбоорду колдоп, башкалары аны сындап кол топтой башташты. Бири көрсөтүүдө аялзатын кемсинтүү бар десе, экинчиси чектен чыккан эч нерсе жок дейт.

Эмне үчүн «Келин» КТРКдан көрсөтүлүшү керектигин айтып беришин өтүнүп Kloop.kg студияга долбоордун автору Хадича Харсанованы жана көрсөтүүнүн катышуучусу Рамиля Азизованы чакырды. Аларга каршылаш пикирдегилерден феминисттер Гүлайым Айылчы жана Рейна Артурова болду.

Катышуучулардын талкуусунан кыскартылып алынган үзүндүлөрдү сунуш кылабыз.

Солдон оңго карай: «Келин» долбоорунун автору Хадича Харсанова, долбоордогу катышуучулардын бири Рамиля Азизова, феминист жана Feministmin.kg блогунун автору Гүлайым Айылчы, феминист жана социолог Рейна Артурова.

Тандоо айлампасына 26 кыз катышып, алардын ичинен көрсөтүүнүн кийинки баскычына он катышуучусу тандалып алынган.

Анын катышуучулары уй саагандан боорсок бышырганга чейин ар түрдүү сынактардан өтүшү керек болот, жеңүүчүгө бериле турган «сеп» — чет мамлекетке жолдомо жана гарнитура.

Бардык тапшырмаларды алар «кайнененин» — ажаан кайнененин телеобразы — көзөмөлүнүн алдында аткарышы керек болот.

Талкуунун толук видеосу:

Маектин катышуучулары:

  • КТРК каналындагы «Келин» долбоорунун автору Хадича Харсанова.
  • Долбоордун катышуучусу Рамиля Азизова.
  • Феминист, Feministmin.kg блогунун автору Гүлайым Айылчы.
  • Феминист, социолог Рейна Артурова.
  • Алып баруучу Регина Им.

Эмне үчүн долбоорду калтырыш керек же жабыш керек?

Хадича Харсанова, долбоордун автору:
Шаардык көрүүчүгө гана эмес, бардыгына кызыктуу болгон бир нерсени жасагыбыз келди. Биринчи коомдук каналда аны көрсөтүшүбүз керек, анткени аны элдин баары көрөт.

Рейна Артурова, феминист:
Мен феминист, аял жана бул өлкөнүн жараны катары айтам. Мындай көрсөтүүлөр биринчи коомдук канал боюнча көрсөтүлбөшү керек.

Бул берүү келинди басмырлай берсе болот деген көндүмдү кадыресе көрүнүшкө айлантат. Өспүрүмдөр ушу берүүнү көрүп үй-бүлөлүк мамиле кандай болоорун үйрөнүшүн каалабайм.

Тандоо айлампасына 26 бийкеч катышты.

Эмне үчүн бийкечтер көрсөтүүгө катышып жатышат?

Рамиля Азизова, долбоордун катышуучусу:
Катышуучу катары айта алам, бардыгы сонун жана кызыктуу болду. Бул долбоорго катышкандыгы үчүн эч ким кейиген жок. Бул көрсөтүү жаман нерсеге үйрөтпөйт, анын эч кандай зыяны жок, ошону үчүн ал ТВ аркылуу көрсөтүлүшү керек.

Тескерисинче, кыздар аны көрүшү керек. Жок дегенде картошканы бышырып бергенди билбеген шаардык кыздар.

Гүлайым Айылчы, феминист:
Биз тандоо айлампасын көрдүк — бул бир сааттык кемсинтүү болду.

Эмне үчүн биз келин сөзсүз кайсы бир нерселерди сөзсүз билиши керек деп ойлойбуз? Ал биринчи кезекте инсан. А силер ага күйөөсүнө жана кайыненесине кошумча нерсе катары карап жатасыңар.

Хадича Харсанова, долбоордун автору:
Маселе эмнеде? Биз кыздарыбызды ушунчалык жакшы көрүп, аларды татынакай канбийке кыпып тарбиялап, өстүрүп жатабыз.

Биздин канбийкелер кымбат баалуу телефондоруна селфи кылганды билишет, а бирок эч нерсеге үйрөнгөн эмес. Мага кызык болду, эгер ушул кыздарды алып, аларды бир нерсе менен кызыктырса — бизде ал акчаны утуп алуу мүмкүнчүлүгү — алар ушуга барышабы?

Он күн аралыгында онлайн аркылуу 50 арыз топтодук. Биздин кастингге 30 бийкеч келди, тартыла баштаганга чейин 26 адамга жетти, алардын арасынан биз он мыктысын тандап алдык.

Гүлайым Айылчы, феминист:
Бул өтө кейиткен мисал. Кыздар [көрсөтүүгө] акча үчүн барышты. Эгер адам байге үчүн ушуга барса... Мен үчүн бул адамды кемсинткен сынактар.

«Келин» телекөрсөтүүсүнүн катышуучусу муздап калган чайы үчүн кечирим сурап, кайненесине жаңы чай куюп берип жатат (анысында да «бир нерсе» калкып жүрөт деп кайненеси нааразы болот).

Эмне үчүн келин жаңы үй-бүлөнүн эрежелерин кабыл алышы керек?

Гүлайым Айылчы, феминист:
Тандоо айлампада силер бир көрүнүштү көрсөттүңөр. Кайненеси: «Сенин тамагың түбүнө тартып кетти, эмне кыласың? Сенин кыска юбкачан жүргөнүң мага жакпай турат, эмнеге мынча кыска кийинесиң?» — дейт.

Же болбосо мынтип да айтат: «Турмушка чыксаң да, эмнеге кыска юбка кийип жүрөсүң?»

Эмне үчүн күйөөсү же кайыненеси келин эмне кие тургандыгын айтышы керек?

Хадича Харсанова, долбоордун автору:
Сиз башка чоочун өлкөгө кетип жатасыз дейли, мисалы Сирияга. Сиз жаңыча жүргөн сулуу бийкечсиз, феминист, шым же кыска юбка кие аласыз.

Ал жакта болгондо феминист бойдон эле каласыз, бирок аныңызды көрсөтөсүзбү?

Гүлайым Айылчы, феминист:
Бул таптакыр башка нерселер.

Рейна Артурова, феминист:
Дубайда шымчан жүрсөңүз болот, Сириянын динчил эмес бөлүгүндө дагы. Биз ИГИЛ тууралуу сөз кылган жокпуз. Биз чоочун ибадатканага келген жокпуз.

Теле кайнене.

Эмне үчүн көрсөтүүдө кайнененин образы ушундай?

Хадича Харсанова, долбоордун автору:
Берүүдө биз «жамандыктын доктуру» образын жараттык. Биз чакырган актриса, менимче, өз ролун мыкты аткарган. Берүүнү толук көрсөңөр келиндер кайненени айрым учурда ордуна коюп жатканын байкайсыңар.

Рамиля Азизова, долбоордун катышуучусу:
«Жапчы жаагыңды! Мен өзүм билем!» деп айткым келген учурлар болду.

«Болдугулачы» деп айткым келип, анан кайра ойлонуп, өзүм чыныгы жашоодо эмне кылат элем деп жаттым. Жок, мен кайненеме андай сөздөрдү айта албайт элем.

Рейна Артурова, феминист:
Жашап калган аялдар бул образды көрүп алып эмне дешет эле? «Башкалар бизди ушундай ажаан катары көрүшөбү?» деп ойлойт болушу керек.

Мен келиндери менен таптакыр башка мамиледе болгон көптөгөн эжелерди билем.

Хадича Харсанова, долбоордун автору:
Ошол эле кезде так ушундай [көрсөтүүдөгүдөй] адамдар да толтура. Өзүлөрүнө сырттан карап көрүшсүн. Кандай көрүнөт экен. Тыянак чыгарышсын.

Тармактагы талкууда «Күйөө бала» деген көрсөтүү тартуу тууралуу пикирлерин жазгандар болду. Салт боюнча күйөө баланын 70тен ашык милдеттери бар экен, аларды көбү биле бербейт. Бизди бул нерсе кызыктырды.

Башкысы, бул нерсе карапайым адамга кызыктуу болушу керек. Бул бардыгына кызыктуу болушу зарыл.

Кыздар үй чарбасы боюнча атаандашып жатышат.

Долбоордун аудиториясы кандай?

Хадича Харсанова, долбоордун автору:
Көп кишилер аларды күң, жагынып атат деп айтып атышат. Жок, алар өз жөндөмдөрүн текшерип, көрсөтүп жатышат.

Жөндөм жок болсо мен ага үйрөнүш керек деп эсептейм. Эмне үчүн тил үйрөнүү жакшы дагы, тамак жасаганды үйрөнүү жаман болуп калат экен?

Гүлайым Айылчы, феминист:
Силер муну негизинен аймактардагы кыздар көрөт деп жатасыңар, бирок алар анын баарын ансыз деле жасай алышат.

Хадича Харсанова, долбоордун автору:
Ооба, алардын күлкүсү келет.

Гүлайым Айылчы, феминист:
Ооба, шаардык кыздарды көргөнү алардын күлкүсүн келтирет. Демек силер «айылдык жана шаардык» кыздардын ортосундагы тирешүү жараткан болосуңар.

Айылдагы кыз-келиндер ансыз деле бүт үй-бүлөнүн жүгүн көтөрүп келатышат. Бизде аял киши арабага чегилген аттай эле, ансыз деле баарын тартып келатат, анан силер да мойнуна жүк жүктөп жатасыңар.

Хадича Харсанова, долбоордун автору:
Биз алардын үстүнөн кошумча эч нерсе жүктөгөн жокпуз. Анан анын үстүнө бул маселе бизде, Кыргызстанда эле эмес да.

Ал Тажикстанда, Өзбекстанда, Орусияда да бар.

Гүлайым Айылчы, феминист:
Анда дароо эле Ооганстанга карап түздөнөлү мынча болду.

Теле кайын энени көндүрүш үчүн катышуучу кыздар ырдап да жиберишти.

Эмне үчүн тукум улоо саламаттыгынын темасын чагылдыруу маанилүү?

Рейна Артурова, феминист:
Эгерде кош бойлуу кезинде өзүн кантип караш керек, үй-бүлөнү кантип пландаш керек дегенди үйрөтсө сонун болмок.

Хадича Харсанова, долбоордун автору:
Рейна, мен саламаттык тууралуу берүү тартып жүрдүм. Ишенесизби? Рейтингдер анча болбой койду.

Мен тукум улоо саламаттыгы тууралуу өзүнчө серия тартайын дейли. Силер аны кантип элестетесиңер?

Мен аны адеби менен кантип көрсөтө алам?

Мен аны эч кандай көрсөтө албайм да. Мен эмне, моминтип алып плакаттын жанында турайынбы? Ал макоолук да.

Рейна Артурова, феминист:
Адептүүлүкпү? А эмнеге ал адепсиздик болот? Бул биздин денебиз да.

Гүлайым Айылчы, феминист:
Бизде кош бойлуу кезинде келиндер ошондой эле иштеши керек. Анын кош бойлуу экенине эч ким карабайт.

Регина Им, Kloop.kgнин алып баруучусу:
Силердин көрсөтүүдө кыздарды өзүн кош бойлуу деп элестетип, кайненеси болсо алардын чарба жүргүзүп, уй саап, милдетин аткара беришин талап кылган тапшырмалар бар беле?

Хадича Харсанова, долбоордун автору:
Биз силерге мокочо көрүнүп атсак керек, бирок бизде андай жок.

Көрсөтүүдө аялдын «негизги ыктары» көрсөтүлөт.

Аялдын «негизги ыктары» эмнеде?

Хадича Харсанова, долбоордун автору:
Биз жөн гана белгилүү бир турмуштук ыктардын топтомун текшеребиз, мындайча айтканда алар кыздардын жашоосу жеңилирээк болушуна жардам берет.

Ал күйөөгө тийбей коюшу деле мүмкүн. Бул жөн гана аял заты үчүн негизги ыктар.

Гүлайым Айылчы, феминист:
А эмне үчүн аялдардыкы эле?

Хадича Харсанова, долбоордун автору:
Анткени биз ошого баарынан жакшы ылайыкташканбыз.

Гүлайым Айылчы, феминист:
Силер ал милдеттер жалаң аялдардыкы деп көрсөтүлүп жатканын түшүнуп жатасыңарбы? Жалаң аялдардын же жалаң эркектердин милдети болбойт.

Эч кайсы аял эркекке кызмат кылууга милдеттүү эмес.

Рамиля Азизова, долбоордун катышуучусу:
Алмустактан бери аялдын милдети — бала төрөп, үй-бүлөнүн куту болуу.

Гүлайым Айылчы, феминист:
Ал милдет деп кайсы жерде жазылган?

Рамиля Азизова, долбоордун катышуучусу:
Аял бул дүйнөгө аял болуп келээрин түшүнсөңөр керек. Аны аял төрөйт. Аял төрөйт.

Рейна Артурова, феминист:
Эркек да ага катышат. Аны деле билсеңер керек?

Хадича Харсанова, долбоордун автору:
Катышат, бирок төрөбөйт.

Рейна Артурова, феминист:
Эркектин төрөөдөгү ролун кемитпеш керек.

Көрсөтүүнүн катышуучусу Рамиля Азизова.

Эмне үчүн аял эркекке кам көрүшү керек?

Рамиля Азизова, долбоордун катышуучусу:
Өз эркегине кам көрүүнүн эмнеси жаман? Мен ал жагынан өзүмдү күң деп эсептебейм. Ал мен үчүн жамандык болбойт.

Эмне үчүн? Анткени балким мен ага эртең мененки тамагын жасап берем.
Балким кечинде ага жагымдуу маанай тартуулайм. Денесин укалап беремби же дагы башка нерсеби. Ал үчүн мен жүз эсе көп нерсе алам да.

Гүлайым Айылчы, феминист:
Мисалы эмне?

Рамиля Азизова, долбоордун катышуучусу:
Сүйүү, сый.

Рейна Артурова, феминист:
Ал жөн эле сый көрсөтпөйбү сизге? Жөн элечи?

Рамиля Азизова, долбоордун катышуучусу:
Көрсөтпөйт.


ТЕМА БОЮНЧА: