Кыргызстан: сот коомдук тармактарда «өлүм топторун» бөгөттөөгө уруксат берди

Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту өспүрүмдөрдү өз жанын кыюуга түртүп жатат делген коомдук тармактардагы топторго жана барактарга бөгөт коюу тууралуу Башкы прокуратуранын арызын канааттандырды.

Сот өз чечимин бүгүн, 10-февралда, Башкы прокуратуранын арызынын негизинде чыгарды. Башкы көзөмөлдөөчү орган «өлүм тоторуна» бөгөт коюу тууралуу өтүнүчүн маалыматтык коопсуздукту камсыздандыруу жана жашы жете электердин укуктарын коргоо менен түшүндүрдү.

«Бул соттук чечим менен коомдук тармактарда жайгашкан “өлүм топторундагы” маалыматтарды Кыргыз Республикасынын аймагында таркатууга тыюу салынат», — деп билдирди башкы прокуратура.

Кыргызстанда жана андан сырткары аймактарда бөгөт коюу иши менен Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитет алектенмекчи.

Ал кандайча жүргүзүлөөрү азырынча белгисиз. Ошондой эле маалыматтык технологиялар боюнча мамлекеттик комитеттин коомдук тармактын өзүнө доо кетирбей андагы баракка бөгөт коё алары белгисиз.

Мамкомитеттин жана Башкы прокуратуранын өкүлдөрүнөн түшүндүрмө алуу мүмкүн болгон жок.

«Спутник» басылмасынын 30-январдагы макаласынан кийин коомдук тармактардагы өспүрүмдөрдүн «Өз жанын кыюуга түртмөлөгөн» оюндардын айланасында Кыргызстанда кызуу талкуулар жүрө баштаган.

Жалпы элди кооптондурганы менен бул оюндун айынан кайсы бир өспүрүм өз жанын кыйганына бир да далил жок — муну Kloop.kgге берген эксклюзивдик интервьюсунда ИИМдин алдындагы Өспүрүмдөр менен иштөө инспекциянын жетекчиси Азамат Абдрахманов тастыктады.

Жалпысынан алганда, расмий маалыматтар боюнча, 2016-жылы 96 өспүрүм өз жанын кыйган. Абдрахмановдун айтымында, бул көрсөткүч 2011-жылдан бери беш жыл катары менен азайып турган.  

Өзүнө кол салуу оюндары Кыргызстанга Орусиядагы интернет сегментинен, же болбосо ЖМКдагы макалалардан келиши мүмкүн.

«Көк жаян (синий кит)» оюну («тынч үй (тихий дом)» деген ат менен да белгилүү) Орусияда пайда болуп, бул тууралуу 2016-жылы «Новая газетада» чуулгандуу материал жарык көргөн.

Бирок гезит макаласы медиа коомчулуктун сын-пикирине кабылган. Анткени материалда коомдук желелердеги оюн менен өзүнө кол салуу окуяларынын ортосундагы себеп-натыйжа байланыштары далилдүү түрдө келтирилген эмес.

Кыргызстанда дагы Орусиядагыдай эле өзүнө-өзү кол салуу оюндары делген көрүнүш калкты дүрбөлөңгө салган.

Анын масштабы ушунчалык чоң болгондуктан Бишкекте белуханын (кит сымал жаныбардын) сүрөтүн сырдап салышкан.


ТЕМА БОЮНЧА: