«Кызыктуурак болсо», «жарайт» жана «жакпайт» — кыргыз дизайнерлери сомдун жаңы белгиси тууралуу

Кыргыз сому улуттук валюта (акча) катары кабыл алынганына 24 жыл болгондо гана өзүнүн графикалык белгисине ээ болду. Кыргызстандын белгилүү дизайнерлери жаңы белги тууралуу ойлорун бөлүшөт.

Алексей Лысогоров:

Алексей Лысогоров

Концепциясы жалпысынан мага жагат: бул кандайдыр бир базис, негиз, сомдун туруктуу курсу, мага ушундай көрүнөт. Бирок мындай схемада тамга «алды сызылган тамгага» окшошуп кетет. Анан да бул белгиде, жалпысынан алганда, графикалык өзгөчөлүк жок. Биздин сом үчүн кызыктуурак жана «көрүмү жакшырак» визуалдык белги болсо дейсиң.

Менимче, бул ишке олуттуурак мамиле кылып, бул тармактагы адистерди чогултуп, пикирин угууга бир аз каражат табышса болмок.

Дмитрий Бондарев:

Дмитрий Бондарев

Биринчиден, мындай белги үчүн тамганы ар бир шрифтке толугу менен ыңгайлаштырып чыгыш керек болот, болбосо саптагы тамгалардан бийигирек болуп калат. Шрифттин литерин жөн эле кичирейтип койгон да жарабайт, тамганын жоондугу ичкере түшөт.

Эгер «С» тамгасын алып анын алдына сызыкча коё турган болсок, тамга бийигирек болуп калат. Жанындагылардын өлчөмүнө алып келиш үчүн тамганын өзүн өзгөртүш керек болот, муну шрифттер боюнча адистер гана кыла алат, Кыргызстанда мындай адистер аз.

Жалпылаганда, алдындагы сызыкчасы менен болсун десек, тамгалардын стандарттык жоондугун эске алуу менен «С» тамгасын кайра тартып чыгыш керек болот. Эгер колхозчо мамиле кылып, чоң «С» тамгасын алдында сызыкчасы бар кичи тамга менен жаза турган болушса бул чекилик болот.

Биз «С» тамгасынын үстүнө жаа белгисин (дуга) коюуну сунуш кылып жатабыз — жазганга да ыңгайлуу. Өзүңөр бат жазып көрсөңөр «С» тамгасын алдындагы сызыкча менен үстүндөгү жаа белгиси менен, биз сунуш кылып жатканыбыз ыңгайлуурак болот.

Никита Тарасенко:

Никита Тарасенко

Белги ушундай болорун күткөнбүз. Көбү ушундай сунуштарын беришкен. Сомдун белгиси боюнча эки жолу сынак жарыяланып, жыйынтыгы чыкпай калганы эсимде. Бул сынактарда ушуга окшош 7 сунуш болгон. Биз дагы ушундай тартканбыз, бирок аны элге алып чыкпадык.

Бул Улуттук банктын эмгеги эмес, дизайнерлердики. Төлөгүлөрү келбеди окшойт, жөн эле мурдагы сынакка түшкөндөрдөн тандап алышты. Жалпысынан айтсам, таңгалычтуу нерсе деле жок. Ушундай эле болушу керек. Аны беш жыл мурун эле кабыл алып койсо болмок. Эмнеге мынчалык чоюшту. Дагы бир жолу айтам, бул белгини Улуттук банк ойлоп чыгарган жок.

Кыйынчылык аны башкаларга окшош болбогондой кылууда болду. Дүйнөдө ушул тамганы колдонгон толтура акчалар бар. Менимче, башкача белгини ойлоп чыгаруу мүмкүн эмес болчу. Кадыресе, эсте калаарлык, жөнөкөй белги. Жарайт.

Марсель Шейшенов:

Марсель Шейшенов

Белгинин өзү мага жакпайт, бирок «С» тамгасын жөн эле терип, анын ылдын сызып койсо боло тургандыгы мага жагат. Башка жагынан алганда, бул белгини редактордон таап, алмаштыра албайсың.

Менимче, типографиканын бардык аспектерин, башкалардан айырмаланып туруусун жана анын жазылышын эске алып сомдун толук жарамдуу, мыкты белгисин иштеп чыгыш керек.


ТЕМА БОЮНЧА: