Экс-депутат Данияр Тербишалиев жиу-житсу боюнча эл аралык турнирде алтын алды

Сүрөт: Данияр Тербишалиев.

Кыргызстандыктар Данияр Тербишалиев, Бекаяр Эгембердиев жана Муртазали Муртазалиев БАЭнин Шаржа шаарында өткөн бразилия жиу-житсусу боюнча эл аралык «Sharjah international pro jiu-jitsu championship» турниринде үч алтын медал утуп алышты.

Кыргыз парламентинин мурдагы депутаты Данияр Тербишалиев 75 кг салмак категориясында ак курга ээ болгон 36 жаштан улуулардын арасында 1-орунду алды.

Кыргызстандык Бекаяр Эгембердиев ушундай эле сыйлыкка 18-29 жаш курагындагылардын категориясында татыды.

Данияр Тербишалиев атаандаштарын өз ыкмалары менен жеңсе, Бекаяр Эгембердиев топтогон упайлары менен жеңишке жеткен.

Үчүнчү алтын медалды Муртазали Муртазалиев кара кочкул курга ээ болгон 83 кг чейинки салмактагы спортчулардын арасында утуп алган.

Муртазали Муртазалиев жарым финалдык беттешти упай менен утуп алса, финалда бахрейндик спортчу Мухамед Абу Идристи атайын ыкма менен жеңген.

Бразилия жиу-житсусу — Кодокан дзюдосунан келип чыккан эл аралык мушташ өнөрү.


ТЕМА БОЮНЧА: