Бишкекте «Де-Факто» гезитинин башкы редакторун сабап кетишти

Эки киши Бишкектин чет-жакасында «Де-Факто» гезитинин башкы редактору Амантур Мусагуловго кол салган. Мусагулов ооруканага кайрылып, ал эми милиция журналисттин сабалышын «турмуштук жаңжал» деп атап жатат.

Жарандык активист Адил Турдукулов өзүнүн фейсбук барагында жазып чыккандай, Мусагулов сабалган соң ооруканага кайрылып, Ленин РИИБге арыз жазган.

Турдукулов Мусагуловду токмоктоп кеткени жөнүндө анын туугандарынан укканын Kloop.kgге айтты. Мусагулов өзү телефон чалууларга жооп бербей жатат.

«Чынын айтканда, мындай окуялар [журналисттерге кол салуулар] тез-тез кайталана баштады. Көбүнчө мындай учурларда расмий органдар бул турмуштук жагдай деп билдиришет. Бул аябай ыңгайлуу формулировка», — деди ал.

Турдукуловдун айтымында, иликтөө жүргүзүш керек, анткени азырынча окуяны турмуштук жаңжал деп атап жатышат.

«Анткени “Де-Факто” белгилүү гезит жана анда карама-каршылыктуу материалдар жарык көргөн. […] Кандай болгондо да журналист бийликчил болобу же бийликчил эмес болобу, ал кимге иштеши маанилүү эмес, аны урганга болбойт», — деди ал.

Амантур Мусагуловдун сабалышы Кыргызстандагы алгачкы жолу журналисттин токмок жеп жаткан учуру эмес. 2016-жылдын февралында «Акча жана бийлик» гезитинин башкы редактору Турат Акимов сабалган.

Анда Акимовдун сабалышын президент Алмазбек Атамбаев өз көзөмөлүнө алган болчу. Акимов кол салууну «саясий буйрутма» деп атап, ал үчүн ошондо ИИМди жетектеп турган Мелис Турганбаевди күнөөлөгөн.

Акимовго кол салуу факты боюнча «Бейбаштык» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

2015-жылдын октябрь айында Бишкектин чет-жакасында түрмөдөн качып кеткен адамды кармоо боюнча атайын операция учурунда белгисиз бирөөлөр «Super.kg» порталынын кабарчысы Максат Орозумбетовду сабап, анын видеокамерасын тартып алган.

Ошол эле жылы май айында Kloop.kgнин журналисти Владимир Цайга да кол салуу болуп, анда белгисиз бир адам автомобилинде жабдыкты текшерип олтурган Цайдын камерасын эки жолу ургулаган.

Журналист Булат Сатаркулов 2015-жылдын башында өз үйүнө жакын жерде токмоктолгон. Түндөсү белгисиз бирөөлөр аны бир нече жолу сабап, бардык техникалык жабдыктарын тартып алган.


ТЕМА БОЮНЧА: