Окуучу кыздар классташ кызын сабап, арызданба деп өтүнүшкөн

Чүй облусунун Ак-Суу айылындагы 6-класстын окуучу кыздары мугалим жок кезде классташ кызын сабап салышкан. Алар таяк жеген кызды бул тууралуу айтпа деп өтүнүп, аны «"Космостон салам" оюнунун эрежеси» менен түшүндүрүшкөн. Билим берүү министрлиги окуяны иликтеп жатат.

Жабыркаган кыздын чоң энеси бешинчи жана алтынчы класстагы окуучу кыздар «Космостон салам» оюнун ойношоорун, ал оюндун мааниси —  классташтарынан таяк жеп, ал үчүн ата-энесине же мугалимдерге арыздануудан баш тартып чыдоо экенин айтып берди.

Анын айтымында, небересин эки классташ кызы сабак учурунда мугалим директорго чыгып кеткенде колунан кармап алып баштан ары уруп турган.

«Ал партада отургандыктан өзүн коргой алган эмес. Аягында бирөө аны башка катуу чапкан. Неберем үйгө ыйлап келди», — деди чоң энеси.

Ал небересинин башында шишик пайда болуп, мээси чайкалганына байланыштуу кийинчерээк ооруканага жаткырылганын айтты.

«Ал оюндун эрежеси боюнча окуучу кыздар бирин бири сабаса болот экен, эч ким арызданганга болбойт экен, жөн эле унчукпай үйгө кетиши керек экен. […] Эгерде таяк жеген окуучу мугалимдерге жана ата-энесине эч нерсе айтпаса утуп чыгат имиш», — деп түшүндүрдү чоң энеси.

Билим берүү министрлиги комиссия түзүп, 6-класста окуган кыз сабалып жатканда эмне үчүн мугалим класста болбогонун аныктап чыкмак болду.

Ошондой эле Ички иштер министрлиги менен кошо жумушчу топ түзүлүп, ал мектептердеги зомбулуктун жана таш боордуктун алдын алуу боюнча буйрук чыгармакчы.

Сүрөт иллюстративдик мүнөздө, flickr, Charlie Essers


ТЕМА БОЮНЧА: