Оштун жетекчилиги окуучуларга ыйык Валентин күнүн майрамдатпай койду

Ош шаардык билим берүү башкармалыгы мектептерде ыйык Валентин күнүн майрамдоого тыюу салды. Анткени бийлик окуучулар арасында чыр-чатактар болот деп чочулаган.

Бул иш-чараны өткөрүүгө гана эмес, окуучулар арасында белек жана куттуктоо каттарын берүүгө да тыюу салынды. Анткен менен бул тартипти бузгандар үчүн эч кандай жаза каралбайт.

Шаардык билим берүү башкармалыгынын басма сөз катчысы Искендер Камчиев Kloop.kgге курган маегинде айткандай, тыюнун максаты — мектеп ичинде көңүл ачуучу иш-чаралардын «кесепеттеринин» алдын алуу.

«Дискотекалардан кийин мектеп окуучулары андан ары майрамдап кетиши мүмкүн эле, ал чыр-чатактарга же кандайдыр терс окуяларга алып келиши ыктымал болчу», — деди ал.

Анын айтымында, Арзышкандар күнүн өткөрүүгө Оштун бардык мектептеринде эки жылдан бери тыюу салынып келатат.

«Албетте, тыюуга баш ийбей койгону үчүн биз окуучуларды мектептен кууп чыга албайбыз. Андыктан эмне үчүн ушундай тыюу салынып жатканын түшүндүрүү максатында биз алдын ала класс жетекчилер аркылуу түшүндүрүү иштерин жургүзгөнбүз», — деди ал.

Ошто 54 мамлекеттик орто мектеп бар, анда 80 миңге жакын бала окуйт.


ТЕМА БОЮНЧА: