Чаткалда эки метрлик калың кар жаап, өзгөчө кырдаал жарыяланды

Жалал-Абад облусунун Каныш-Кыя жана Чаткал айылдарында кардын калыңдыгы эки метрге жетти. Мынчалык калың кар бул аймакта акыркы он жыл ичинде биринчи жолу жаап жатат.

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда төрт күндөн бери кар жаап жатат. Кардын калың жаашы көчкүлөрдү пайда кылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Мухаммед Сваров азыр аймакта өзгөчө кырдаал жарыяланганын билдирди.

«Улам кар көчкү түшүп, жол жүрүш кыйын болуп калды. Азыр жаратылыш кырсыгынын кесепеттерин жоюш үчүн кошумча күчтөр жана каражаттар тартылды», — деди ал.

ӨКМ жол менен аймакты тазалоо иштерин жүргүзүп жатат. Каныш-Кыя жана Чаткал айылдарынын тургундары жабыркаган жок.

«Он жыл сайын ар бир аймакта ошондой болот: жаан-чачын, кар мурда болуп көрбөгөндөй жаайт», — дейт Сваров.

Ош облусунда да кар көчкү коркунучу сакталууда. Чоң-Алайда 13-февралда ИИБнин жана Транспорт министрлигинин кызматкерлери сегиз кишини кардын астынан алып чыгып куткарып калышкан.

Чоң-Алай районунда Дароот-Коргон-Чак-Жаштилек участогунда кар көчкү эки автоунааны басып калган. «ДЭУ Матиз» менен «Нивадагы» сегиз жүргүнчү 3000 куб метр кардын астында калган.

Транспорт министрлигинин жана ИИБнин кызматкерлери калыңдыгы төрт метр кардын алдында калган адамдарды кол менен казып чыгууга мажбур болушкан.

Жүргүнчүлөрдүн баары куткарылган, эч ким жабыркаган эмес. Жүргүнчүлөрдөн кийин автоунаалар да бошотулган.

Окуя болгон жерде милициянын 17 кызматкери иштеген. Адамдар куткарылгандан кийин алар Дароот-Коргон-Чак-Жаштилек трассасынын участогун тазалап чыгып, андан кийин куткарылган адамдар өз жолун улаганга мүмкүнчүлүк алышкан.

Авторлошу: Айдай Эркебаева


ТЕМА БОЮНЧА: