Башкы прокуратура: Коомдук түйүн колдонуучуларын текшерүү Атамбаевди сындоого тиешеси жок

Башкы прокуратура «Фэйсбук» колдонуучуларды атайын кызмат президентти сындаганы үчүн эмес, алардын жазганы «аймак аралык кастыкты» козгошу мүмкүн болгондуктан текшергенин айтууда.

Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы Алманбет Абдраманов Kloop.kgге курган маегинде айткандай, атайын кызмат «Фэйсбукту» колдонуучуларды президент Алмазбек Атамбаевдин дарегине айтылган сын пикирлери үчүн эмес, алардын жазганы «аймак аралык кастыкты козгошу» мүмкүн болгондуктан текшергенин айтты.

Башкы прокуратуранын түшүндүрмөсүнө караганда, «Фэйсбукту» колдонуучуларды текшерүү «президенттин ар-намысы» менен эч кандай байланышы жок.

«УКМК аймак аралык чатакты козгоо беренеси боюнча текшерүү жүргүздү. Маселе мамлекет башчысынын ар-намысына тиешеси болгон эмес. Ал жерде андай эч нерсе жок», — деди Абдраманов.

Коомдук түйүндөрдү колдонуучуларды текшерүү президентти колдогон социал-демократтар фракциясынын депутаты Ирина Карамушкинанын сурамынан кийин башталган.

УКМКнын төрагасынын орун басары Болот Сүйүмбаев анын сурамына жооп берип, атайын кызмат «мамлекет башчысына карата маал-маалы менен терс ойлорду жазышкан» «Фэйсбуктун» 45 колдонуучусун тапканын жазган.

Ал каттын сүрөтү желеде жарыяланып, коомдук түйүндөрдү колдонуучулардын жана жарандык активисттердин сын пикирлерине туш болгон.

«Адилет» укуктук клиникасынын башчысы, мурдагы депутат Чолпон Джакупова башкы прокурорго кайрылып, кайсы ыйгарым укуктарынын негизинде УКМК «Фэйсбукту» колдонуучуларды президенттин дарегине айтылган сын пикирлер үчүн текшерип жатканын түшүндүрүүнү суранган.

Жооп алган соң «Адилет» Башкы прокуратура УКМКнын аракеттерин «туура эмес» катары баалады деп эсептеген. Ушундан улам «Адилеттин» юристтери көзөмөл органы президентке карата «терс маанайдагы материалдарды жарыялоого уруксат берди» деген жыйынтыкка келишкен.

«Заноза» басылмасы да Башкы прокуратура Атамбаевди коомдук түйүндөрдө «сындоого жол берди» деп жазып чыккан.

Бирок Башкы прокуратура бул кабарларда анын берген жообу «бурмалап чечмеленген» деп эсептейт.

Атамбаевди сындоонун айынан колдонуучуларды текшерүү

Январдын башында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет президент Алмазбек Атамбаев жөнүндө терс пикир жазган 45 колдонуучуну таап чыккан.

Айрым колдонуучулар атайын кызматтын тизмесине кирип калганына таң калышкан. Алардын бири эч качан президентти сындабаганын айтса, башкалары өз пикирин билдирүүгө акысы бар экенин айтышкан.

Бул атайын кызмат президентке карата терс пикир жазган адамдарды текшерип, суракка алган биринчи учур эмес.

2016-жылдын декабрында Ысык-Көл облусунун тургуну Атамбаевге сатира жазганы үчүн УКМКда суракка алынган.


ТЕМА БОЮНЧА: