Кыргызстандын атайын кызматтары террорчулукка интернет аркылуу тарткандарды таап чыгууну үйрөнүшөт

КМШнын Террорго каршы борбору Кыргызстандын атайын кызматтарына коомдук түйүндөрдөн адамдарды террорчулукка тарткандарды жана эл аралык террор уюмдарын таап чыгууну үйрөтөт.

Окутууну КМШнын Террорго каршы борбору алты өлкөнүн: Кыргызстандын, Тажикстандын, Армениянын, Казакстандын, Беларустун жана Орусиянын атайын кызматтары үчүн жүргүзөт.

КМШнын Террорго каршы борборунун жетекчиси Андрей Новиков атайын кызматтардын биргелешкен иши Борбор Азия өлкөлөрүндө калкты террордук уюмдарга тартууну токтотууга жардам берээрин айтты.

«Биз эл аралык террорчул уюмдардын коомдук түйүндөр жана Борбор Азия мамлекеттерине жиберилген атайын өкүлдөр аркылуу элди тартуу аракеттерин таап чыгып, токтотуу боюнча макулдашылган иштердин алгоритмдерине машыгууну максат кылуудабыз», — деди ал.

Террорго каршы борбордун билдиргенине караганда, анын маалымат базасында экстремизм менен террорчулукка үгүттөгөн 1,5 миллиондон ашуун ресурс бар.

Өлкөлөр маалымат алмашуу жана маалымат базаларын бириктирүү аркылуу өздөрүнүн атайын кызматтарынын ишин жакшыртууну көздөп жатышат.

Машыгуу майдын аягында башталып, 2017-жылдын июнунда Тажикстанда аягына чыгат.


ТЕМА БОЮНЧА: