Текебаев Кипрге барганы жана Атамбаевдин үй-бүлөсүнүн кирешеси тууралуу прокурорлорго айтып берди

«Ата Мекен» оппозициялык фракциянын башчысы Өмүрбек Текебаев Кипрдеги сапары жөнүндө прокуратурага көрсөтмө берди. Ал ошол жерден президент Алмазбек Атамбаевдин туугандарынын кирешеси жөнүндө маалымат алганын айтты.

Текебаев 17-февралда Башкы прокуратурага суракка барды. Ал Кипрде «ар кандай эксперттер» менен жолугуп, алардан «бир далай маалымат» алганын, ал маалыматтар такталса элге жарыяланарын прокурорлорго айтып берди.

Оппозициячы 2011-жылы Атамбаев Орусиянын азыркы президенти Владимир Путинге «Мегакомду» мамлекетке албаганга убада бергенден кийин президенттин аялы Раиса Атамбаева «бир топ акча каражаттарын» алган деп шектенүүдө.

«Кийинчерээк, ошол эле жылы (Атамбаевдин) аялында өзүнөн-өзү чоң акча каражаттары пайда болуп калган», — дейт саясатчы.

Текебаев президенттин туугандары 2011-жылдан бери салымдан түшкөн дивиденд катары жыл сайын 120 миң доллар алып жатышканын көрсөткөн президенттин декларациясынын маалыматтарына таянууда.

«Жыл сайын ушундай пайыз алыш үчүн аманатчы кандай сумманы банкка салыш керек? Эгерде, мисалы, орточо эсеп менен 4 пайыздык үстөктү алсак, анда салымдын суммасы үч миллион доллардан кем эмес болушу керек», — дейт Текебаев.

Текебаев Кыргызстандын парламентинде азыркы бийликтин негизги оппоненти болуп эсептелет. Былтыр күзүндө ал президентти Кой-Таш айылында азыркы Бишкектин мэри Албек Ибраимовдон мыйзамсыз жол менен жер сатып алган деп күнөөлөгөн. Атамбаев ал жерде үй салып жатат.

Анда Атамбаев Башкы прокуратурага Текебаев айткан маалыматтарды текшерүүнү тапшырган. Көзөмөл органы келишим мыйзамдуу болгон деген жыйынтыкка келген.

Мартта Текебаев президентке импичмент жарыялоого камынууда. Азыр ал анын жол-жобосун башташ үчүн зарыл документтерди даярдап жатат.

Текебаев менен Атамбаевдин тирешүүсү президент конституциялык реформа тууралуу жарыялагандан кийин башталган. Текебаев жана ал башкарган «Ата Мекен» фракциясы Конституцияга түзөтүүлөрдү киргизүүгө каршы чыккан.

Түзөтүүлөр 2016-жылдын 11-декабрында өткөн референдумда кабыл алынган.


ТЕМА БОЮНЧА: