Милиция Атамбаевдин мурдагы жан сакчысына каршы иш козгобойт

Бишкек ШИИБнин башчысы президенттин мурдагы жан сакчысы Эркин Мамбеталиевге каршы милиция иш козгобой турганын билдирди. Мурда ал автоунаасынын күңүрттөлгөн терезеси жана жасалма номерлери үчүн кармалган, ал эми анын салонунда мергенчи мылтык жана травматикалык курал табылган.

Бишкек ШИИБнин башчысы Самат Курманкулов Kloop.kgге Мамабеталиевге каршы иш козголбой тургандыгын, анткени салонунда табылган мергенчилик эки «Сайга» мылтыгы менен эки травматикалык тапанчага ал уруксат кагаздарын көрсөткөнүн айтты.

«Куралдын уруксаты кийин көрсөтүлдү. Мамбеталиев автоунаасынын терезесин мыйзамсыз күңүрттөтүп алган кадимки айдоочу катары өтүп жатат. Эч кандай кылмыш иши козголбойт», — деди Курманкулов.

Мамбеталиев автоунаасынын терезесин күңүрттөткөнү үчүн гана жазаланат. Сүрөт: Twitter

Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча башкы башкармалыктын кызматкерлери 16-февралда эки автоунааны кармашкан. Алардын биринде президенттин мурдагы жан сакчысы Эркин Мамбеталиев, башкасында аны коштогондор жүргөн.

«Suburban» менен «Lexus LS 570» экөө тең терезеси күңүрттөлгөн, жасалма номер менен жүрүшкөн, салонунда болсо документи жок эки «Сайга» мылтыгы жана эки травматикалык тапанча табылган.

Мамбеталиев протокол түзүлгөн соң дароо эле кое берилген, автоунаалары болсо штрафтык токтотмого жөнөтүлгөн. Президенттин мурдагы жан сакчысы 14 миң сомдук штраф тарткан.

Эркин Мамбеталиев узак убакыт бою Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы болгон. Ал Атамбаевди 2005-жылга чейин коргоп жүргөн, андан кийин алар расмий түрдө жолугушкан эмес, бирок мурда Атамбаевдин чөйрөсүндө жүргөн айрым саясатчылар президент менен анын мурдагы жан сакчысынын ортосунда «жылуу мамиле» сакталып калганын айтып жүрүшөт.

Мамбеталиевди кылмыш дүйнөсү менен да байланыштырып келишет, атап айтканда аны Рысбек Акматбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөсү деп атап жүрүшкөн.

Президенттин мурдагы жан сакчысы бир нече жолу, 2004-жылы, андан соң 2006-жылы кармалган. Эки кармалышы тең милициянын полковники Чыныбек Алиевдин өлтүрүлүшүнө байланыштуу болгон. Кийинчерээк Мамбеталиев күнөөлүү деп табылып, өмүр бою камакка кесилген.

Бирок 2010-жылдагы революциядан кийин Мамбеталиевдин иши «жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча» кайрадан каралып, ал эркиндикке чыккан.


ТЕМА БОЮНЧА: