Кышкы Азия оюндары: Кыргызстандын курама командасы хоккей турниринин биринчи матчын утуп алды

Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасы Саппородо (Жапония) өтүп жаткан кышкы Азия оюндарында 5:0 эсебинде Кувейт командасынын таш-талканын чыгарды.

Жапониянын Саппоро шаарындагы кышкы Азия оюндарынын алкагындагы хоккей турнири салт боюнча оюндардын ачылышына бир күн калганда — 18-февралда башталды.

Биринчи эле матчта Кыргызстандын курама командасы Кувейттен келген атаандаштарын 5:0 эсебинде таш-талканын чыгарды. Беттешүү экинчи двизиондогу топтук баскычтын алкагында өттү.

Кувейт менен Кыргызстан 2015-жылы жазында Азия чакырыктарынын Кубогунда беттешкен. Анда улуттук курама команда чемпионаттын кожоюндарына 3:9 эсебинде утулуп калып, коло медаль гана утуп алган.

Кыргызстандын курама командасы 2016-жылы Азия чакырыктарынын кубогунун байгеси менен.

Былтыр ошол эле турнирде Кыргызстан баары бир алтын медаль алганга жетишип, Азия оюндарына Чакырык кубогунун учурдагы жеңүүчүсүнүн статусу менен барган.

Кышкы Азия оюндарында Кыргызстан Катар, Бахрейн жана Кувейт менен кошо экинчи дивизиондун А тобуна туш болгон.

Жалпысынан дивизиондо 10 команда бар, алар эки топко бөлүнгөн. Ар бир топтун жеңүүчүлөрү өз ара күмүш жана алтын үчүн ойношот, экинчи орун алгандар коло үчүн ат салышат.

Кийинки матчта Кыргызстандын курама командасы 21-февралда Филиппин менен ойнойт, 22-февралда Бахрейн менен беттешет жана 24-февралда топтук баскычтын жыйынтыктоочу матчын Катарга каршы жүргүзөт.

Саппородогу (Жапония) кышкы Азия оюндары 18-февралда башталып, 26-февралга чейин уланат. Кыргызстандын атынан бул оюндарда 32 спортчу спорттун төрт түрү боюнча ат салышат.


ТЕМА БОЮНЧА: