УКМК оппозициячыл депутат Шыкмаматовду суракка чакырды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет оппозициячыл «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Алмамбет Шыкмаматовду суракка чакырды. Мурда Башкы прокуратура ага каршы «коррупция» жана «кызматтык бурмалоо» фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон.

Атайын кызмат парламенттеги оппозициячыл «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Алмамбет Шыкмаматовду суракка чакырды.

«Мага чакыруу келди, бирок адвокатымдын убактысы жоктугуна байланыштуу мен бүрсүгүнү бараарымды жазып кат жибердик», — деп билдирди депутат.

Башкы прокуратура 17-февралда Шыкмаматовго каршы эки берене — «Кызматтык бурмалоо» жана «Коррупция» боюнча кылмыш ишин козгоп, анын материалдарын УКМКга жиберген.

Депутат 2011-жылы кызматтык автоунааларды сатып алуу учурунда «жасалма келишимдерди» түзгөн деп айыпталууда.

Башкы прокуратуранын пикиринде Шыкмаматов Эсептөө палатасынын аудитору болуп турганда кызматтык автоунаалар тендерден кийин сатып алынганы тууралуу документтерди түзгөн.

Башкы прокуратуранын баамында Эсептөө палатасы чындыгында тендер өткөргөн эмес.

Алмамбет Шыкмаматов — акыркы жылдары президент Алмазбек Атамбаевди катуу сынга алып келаткан «Ата Мекен» фракциясынын үч оппозициячыл депутатынын бири.

«Ата Мекен» менен президенттин ортосундагы негизги тирешүү парламенттик фракция бүт бойдон Алмазбек Атамбаевдин конституциялык реформасына каршы чыккандан кийин башталган.

Буга чейин мурдагы башкы прокурор Аида Саляновага каршы ал юстиция министри болуп турган кезде Максим Бакиевдин юристи Алексей Елисеевге адвокаттык лицензия бергени үчүн кылмыш иши козголгон.

Атайын кызмат Текебаев, Шыкмаматов жана Салянова үчөөнүн «Мегаком» уюк операторунун акцияларын сатууда кызыкчылыгы болгон деп шектенип жатат.

Башкы прокуратура 17-февралда оппозициядагы депутаттардын туугандары салык төлөгөн-төлөбөгөнүн текшере баштаган.


ТЕМА БОЮНЧА: