Башкы прокуратура: Атамбаевдин президент болгонго чейин эле банк эсебинде 1,7 миллион доллар бар болчу

Президент Алмазбек Атамбаев 2007-жылдан бери, президент болгонго чейин эле, банктагы эсептеринде 1,7 млн АКШ долларына ээ болгон. Бул тууралуу Башкы прокуратура оппозициячы Өмүрбек Текебаев тарабынан айыптоолор боюнча текшерүү жүргүзүүнүн жыйынтыгына таянып билдирди.

Башкы прокуратура кабарлагандай, Текебаевдин Атамбаевге карата айыптоолорун текшерип, оппозициячынын сөздөрү «жалган маалыматтарды» камтыйт деп корутунду чыгарган.

Текебаевдин билдиргенине караганда, Атамбаевдин жубайы 2011-жылы ири суммадагы акча каражатын алып, ал эми Атамбаев өзү болсо Кипрдин оффшор аймагында жашыруун мүлк жана бизнес кызыкчылыктарга ээ.

Башкы прокуратуранын корутундусуна ылайык, Атамбаевдин «Демир банк» жана «Толубай» банктарында 1,7 млн АКШ доллары болгон. Банк эсептери 2007-жылы ачылган. Ошол жылы марттан ноябрга чейин Атамбаев премьер-министр кызматын ээлеп турган.

«Прокуратура органдарынын көшөргөн талаптарына карабастан Текебаев азыркы күнгө чейин Атамбаевдин Кипрдин оффшор аймагындагы мүлкү тууралуу эч кандай көрсөтмөлөрдү бере элек», — деп кабарлады Башкы прокуратура.

Текебаев 17-февралда билдиргендей, президенттин жубайы Раиса Атамбаева ири суммадагы акчаны Атамбаев 2011-жылы азыркы Орусиянын президенти Владимир Путинге «Мегакомду» улутташтырбай турганына сөз бергенден кийин алган.

«Кийинчерээк, ошол эле жылы, Атамбаевдин жубайынын күтүүсүздөн аз эмес акча каражаты пайда болгон», — деди Текебаев.

Өз билдирүүсүндө Текебаев президенттин декларациясына таянган, анда анын туугандары 2011-жылдан бери жыл сайын салымдын дивиденди катары 120 миң доллардан алып турганы көрсөтүлгөн.

Азыр Текебаев өзү кармалып, УКМКда отурат. Ал алдамчылык кылган жана орусиялык ишкер Леонид Маевскийден бир миллион доллар пара алган деп айыпталууда. Ишкердин айтымында, ал акчанын өтөөсүнө Текебаев колдоо көрсөтүп, «Мегакомдун» үстүнөн көзөмөлдү орнотуп берүүгө убада берген.

Текебаевди колдоп Бишкекте эки митинг 26 жана 27-февралда болду. Оппозициячынын тарапкерлери аны бошотууну талап кылышты. Кечээ УКМКнын алдында Текебаевдин миңдей тарапкери чогулган, экинчи митинг бүгүн Ак үйдүн жанында азыр болуп жатат, ага азырынча 600дөй киши катшыууда.


ТЕМА БОЮНЧА: