Адвокаттар оппозициячы Текебаевдин камакка алынышына каршы даттанышат

Адвокаттар оппозициячыл саясатчы Өмүрбек Текебаевди камакка алган санкцияны жокко чыгарууну талап кылышууда. Ал коррупция жана алдамчылык боюнча айып коюлуп кармалган, депутат өзү жана анын тарапкерлери болсо муну «саясий кысым» деп эсептешет.

Текебаевдин адвокаттарынын бири Искен Афиджанов алар Текебаевди эки айга камакка алуу тууралуу чечимди жокко чыгаруу максатында Бишкек шаардык сотуна кайрылышаарын Kloop.kgге билдирди.

«Мен билгенден, [адвокат] Чынара Жакупбекова арызды даярдап койду. Бүгүн сотко берсе керек. Арызда Текебаевдин баш коргоо чарасын эркинен ажыратууга байланышпаган түрүнө өзгөртүү тууралуу талап бар», — деди ал.

«Азаттык» үналгысы менен болгон маекте Жакупбекова Текебаевдин баш коргоо чарасын өзгөртүү тууралуу чечим кыска мөөнөт ичинде кабыл алганын айткан. Ал токтом мурдатан эле даярдалган деп эсептейт.

Бул эки айды Текебаев соттук териштирүү жүргүчө УКМКнын тергөө изоляторунда өткөрөт.

Оппозициячыга каршы «Алдамчылык» жана «Коррупция» беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Буга орусиялык ишкер Леонид Маевскийдин көрсөтмөлөрү негиз болгон, ал «Мегаком» уюк операторунун акцияларына байланышкан маселенин чечилиши үчүн Текебаевге 1 миллион доллар өлчөмүндө пара бергенин билдирген.

Текебаев 26-февралда «Манас» аба майданында кызмат сапарынан кайтып келатканда кармалган. Бул Бишкектин көчөлөрүндө күн сайын нааразылык акцияларын пайда кылды — митингге чыккандар саясатчыны бошотууну талап кылып, анын кармалышын «саясий куугунтук» деп атап жатышат.

Мамлекет башчысын сынга алганы менен белгилүү болгон Текебаев өзү болсо президент Алмазбек Атамбаевдин Кипрдеги жашыруун мүлкү тууралуу маалыматты ачыкка чыгармак болгон, бирок азырынча чыгара элек.


ТЕМА БОЮНЧА: