Евробиримдик Текебаевге байланышкан кырдаалга көз салып турат

Европа Биримдиги камака алынган оппозиция башчысы Өмүрбек Текебаевдин ишине көз салып турат. Ал  2010-жылдагы «Мегаком» компаниясынын сатылышына байланыштуу «Алдамчылык» жана «Коррупция» боюнча тергөө иштери бүткүчө эки айга камакка алынган. Депутат өзү жана анын тарапкерлери бул ишти «саясий кысым» деп эсептешет.

Евробиримдиктин Чет өлкөлүк иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлүнүн басма сөз катчысы Мая Косьянчич «Азаттык» үналгысы менен болгон маекте «Ата Мекендин» камакка алынган депутаты Өмүрбек Текебаевдин иши боюнча жагдайга Европа Биримдиги кунт коюп көз салып тураарын айтты.

Мая Косьянчич. Сүрөт: European Western Balkans

Ал Евробиримдик Кыргызстандын азыркы бийлигинен тергөөнүн жана соттун эл аралык стандартка ылайык жүргүзүлүшүн күтүп жатканын билдирди.

«Президент Алмазбек Атамбаев жакында Брюсселге барганда ЕБ башчыларын Кыргызстан демократиянын бийик стандарттарын сыйлаарына жана президенттик шайлоону ачык, калыс өткөрүүгө бүт аракетин жумшаарына ишендирип кеткен. Биз үчүн республикадагы жараяндарга көз салуу өтө маанилүү», — деди ал.

Анын айтымында, жол-жоболор сакталбаса бул иш бүтүндөй оппозицияга кысым көрсөтүш үчүн бурмаланганына далил болот.

«Эгерде депутат Текебаевди кармоодо саясий негиз болсо, бул өлкөдөгү демократиянын өнүгүшүнө коркунуч туудурушу мүмкүн», — деди ал.

ЕККУнун Парламенттик ассамблеясы да Текебаевдин ишине көз салаарын билдирди.

Текебаев «Манас» аба майданында 26-февралга караган түнү кармалган. Ал «Мегаком» компаниясын сатууга байланыштуу «Коррупция» жана «Алдамчылкы» боюнча айыпталууда. Орусиялык ишкер Леонид Маевский 2010-жылы Убактылуу өкмөттүн мүчөсү болгон депутатка каршы көрсөтмө берген.

Маевскийдин айтымында, бир миллион доллар үчүн Текебаев «Мегаком» уюк операторунун бардык акцияларын сатып алууда ага колдоо жана жардам көрсөтүүгө убада берген.

Депутат өзү муну төгүндөп жатат, анын тарапкерлери коюлган айыптарды оппозицияга «саясий кысым көрсөтүү» деп эсептешүүдө.

Бирок Орусиянын президенти Владимир Путин менен чогуу өткөргөн басма сөз жыйынында президент Алмазбек Атамбаев Текебаевдин ишинде эч кандай саясат жок деп билдирди.

Текебаев менен Атамбаевдин ортосундагы тирешүү «Ата Мекендин» башчысы жана мурдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн бир бөлүгү президент менен Конституцияга киргизилчү түзөтүүлөр боюнча пикири келишпей калганда башталган.

Ошого карабастан, түзөтүүлөр 2016-жылдын 11-декабрындагы референдумда кабыл алынган.


ТЕМА БОЮНЧА: